Кыргызстан “Кыргызавтомаш” эмес, же Атамбаев коррупция менен айыпталгандарды неге коргоодо?


Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча коррупциялык жаңжалдан камалгандар боюнча жасаган расмий билдирүүсүндө Сапар Исаковду, Салайдин Авазовду, Осмонбек Артыкбаевди негизсиз куугунтукталган таза адамдар катарында көрсөтүп, “биздин партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим — бул коррупция менен күрөшүү эмес” деп атап, алардын баарын бажы кызматынын “көмүскө” кардиналы Райым-миллион (АШАнын убагында Бажы кызматынын төрага орунбасары болгон Райымбек Матраимов) уюштуруп жатат дептир. Башкалары жөнүндө кийинчерээк айтабыз, бирок экс-президенттин Раим-миллионго келгенде унутчаак болгондугу таң калтырат.

Аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин Оштон алып келип, Бажы кызматынын төрага орун басары кылган АША өзү эмес беле. Ошондо Райым-миллиондун Бишкекке түнү менен жетип келип, АШАга 700 миң доллар берип ордунда калып калгандыгы тууралуу аңыз сөздөр тараган. Анын айынан А.Бекназаров менен А.Атамбаевдин телефондо чатакташкан сөздөрүнүн тексти толугу менен ММКларга да чыккан. Өзү кызматта турганда ала каптай “кошёлогу” үчүн кожосундай колдоп, башынан бир тал чачын түшүрбөй келген адамын эми минтип, “кошёлогу” тийбей калганда, кереги жок болуп калганда, бокочо катарында көрсөтүүгө аракеттенүүсү АШАнын инсан катарында деградацияга учурап бараткандыгын гана көрсөтөт. Эмне үчүн экс-президент Райым-миллионду бетке кармагандын ордуна камоолор атайын жүргүзүлгөн иликтөө, тергөө иштеринин жыйынтыгында болгонун, мында эч кандай саясий же башка себеп жоктугун моюндагысы келбейт? Албетте, андай экенин эң жакшы билип атат, ички түпкүрүндө моюндап да жатат, бирок маселе керт башын аман алып калууда болуп жатпайбы. Эгерде Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык иштерге кымындай тиешеси болбогондо, АШАны камалгандардын тагдырлары кызыктырмак эместигин бөркүбүздөй көрөлү.

Экс-президенттин сөздөрүндө рационалдуу логикага сыйбаган өйдө-төмөн нерселердин көп эле боло тургандыгына кыргызстандыктар көнүп деле калышкан, бирок С.Исаков, С.Авазов, О.Артыкбаев үчөөсүн саясый себептер менен куугунтукталгандар катарында көрсөтүп, ыйманын жеп калп айтып жаткандыгы кыжырды гана келтирет. Картина толук болушу үчүн эмне үчүн ал жерге “балашкасы” А.Калиевди, анын карамагындагы башка жетекчилерди, кызматкерлерди кошкон эмес? Мындан АШАнын А.Калиев баштаган энергетика кызматкерлерин эмне кылсаңар ошол кылгыла, бирок жогорудагы төртөөсүнө тийбегиле деген кыйыр өтүнүчү, талабы байкалып турбайбы?! Эмне үчүн дейсиз? Анткени, жогорудагы төртөөсүнө АША КСДП партиясынын мүчөлөрү болуп жатышкандыгы үчүн гана күйүмүш болуп жаткан жок, алар өтө эле көп нерселерди билишет, кокус алар булбулдай сайрай башташса, УКМКга АША өзү да чакырылып, кошуна да болуп калышы ыктымал. Ошондон улам ал сырттан “бекем тургула, бул жактан мен да аракет кылам” деген мааниде сигнал берип жатат. Кызыгы, АША мында өзү аңдабай Бишкек ТЭЦиндеги коррупциянын башында аныгында кимдер тургандыгын, акчаны “сугунууда” кимдер менен табакташ болгонун билдирип койду.

Баарынан кызыгы, экс-президент өзүнүн билдирүүсүндө ал бийликте турган учурда бир топ жетишкендиктер болгонун тизмектеп, «Датка-Кемин» көмөкчү чордондорунун курулушу, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү, 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгын өткөрүү, Тарых музейин реконструкциялоо ж.б. атаптыр. АШАмуну менен эмнени айткысы келди? Анын логикасын ээрчисек, «ушундай жакшы иштерди кылышты эле» деп ал бийликте турган учурдагы коррупциялык иштерге, ага аралашкандарга көз жумуп, кыйгап өтүп кетиш керек беле? Анда «тигил же бул аткаминердин жакшы иши бар» деп, алардын шектүү, мыйзамсыз иштерин текшерүүдөн алыс болуп, коррупциянын андан бетер гүлдөп өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керекпи? Анда жакшы иштери үчүн коррупция менен айыпталып, абакта жаткандардын баарын эркиндикке чыгаралы! Логикаң менен куруп кал! Анан да экс-президент жакшы иштер жөнүндө сөз кылганда миллиондогон долларлар уурдалгандыгы айтылып жаткан Тарых музейининин реконструкциясын, «Лигласс» дегенди алып келип, өлкөбүздү шерменде кылган Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу долбоору жөнүндө сөз кылбай эле койсо болмок экен.

“Форумда” кандай тапшырмалар берилүүдө?

Эмне үчүн кеминде 120-150 млн. долларды уурдаган кылымдын аферасынын башында тургандар жоопкерчиликтен четте калышып, жөнөкөй аткаруучулар гана камалышы керек? Өзү бийликте турганда андай ылгап камоолор норма болсо, ал бийликтен кеткенден кийин Кыргызстанда коррупционерлерден тоталдык тазалануу башталгандыгын, ал элдин кеңири катмары колдогон обьективдүү процесс экендигин АША түшүнбөйбү? Же бүгүнкү коррупция менен күрөшүү ага да жетерин билгенде жаны жай албай жатабы? Анткени, Атамбаев кезинде өзү “жүргүзүп жатам” деген коррупциялык күрөштү бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков улантып жатпайбы! АША С. Жээнбековго бийликти өткөрүп берип жатканда, коррупция менен күрөшүүнү улантуусун каалай турганын айтпады беле. Демек, Атамбаев коррупция менен күрөшүү маселесинде азыркы президентти колдошу керек эле да. Бул эмнеден кабар берет? АШАнын кезинде коррупциялык күрөш чындап эмес, кампанейщина деңгээлинде, тандоо жолунда гана болгонун билдирет. Ушул жерден АШАнын: “…коррупция менен мендей күрөшкөн президент болбой калабы деп корком” деп айтканы эске түшөт. Бирок акыйкаттык үчүн айталы, бул жагынан С.Жээнбеков эгемендүү Кыргызстандын бардык президенттеринен алдыга чыгып, коррупция маселесинде өзүнүн чечкиндүүлүгүн, эрктүүлүгүн, батылдыгын көрсөтүүдө.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, эки күндөн бери АШАнын ордосу болгон “Форумдун” эшигинен камалгандардын жакындары үзүлбөй, кирип чыккандардын, шыбырашкандардын катарлары көбөйүүдө. Аларды АША чакырып алып, Бишкек ТЭЦинин айланасындагы коррупциялык жаңжалдарга аралашкан соратниктерин коргоо үчүн митингге чыкканга үндөп жатыптыр. Ал укук коргоо органдарынын укуруктары өзүнө да жакындап калгандыгын сезип, азыркы бийликке карата превентивдүү чараларды көргөнгө аракет кылганы жатса керек. Эгерде тарапкерлери 200дөн аша турган болсо, аларды АША өзү баштап чыкканга сөз бериптир. Бирок эл деле кимдин ким экенин көрүп, билип, учурдагы президенттин коррупция менен күрөшүүсүн колдоп жатышкандарын эске алсак, анда митингге чогулгандардын саны 50гө жетер бекен?

Чын эле АША менен А.Калиев, С.Исаков, С.Авазов, О.Артыкбаев сыяктуу Кыргызстанга жүздөгөн миллион долларлык зыян келтирген деп айыпталып жаткандарды кимдер коргоп чыккандыгын биз да билсек, көрсөк жакшы болот эле. Камалгандардын жакындары го түшүнүктүү, алар туугандык сезимден улам ошого барышат, кимдин эле атасынын, баласынын же бир тууганынын камалгандыгын көргүсү келсин, бирок башка дагы кандай уят-сыйытты, элди, мекенди унуткан абийири жоктор аларга кошулуп чыгышар экен? АШАнын, өзү көп ирет мактангандай, акчасы көп, андан жетишерлик таркатса, андан көптү топтошу деле ыктымал. Мындан чыкты кимдин акчасы болсо Кыргызстанда Джек Потрошителдей, Чикатилодой кылмыш жасагандарды деле колдоп митингдерди уюштурса боло береби? Ал мыйзамдуулукка, демократиялык баалуулуктарга түкүргөндүк эмеспи!

АША президент кезинде деле кээде “керек болсо, үчүнчү революцияны уюштуруу да колунан келе тургандыгын” айтып мактанып жиберчү. Аны экс-жакын досу А.Бекназаровдун да ырастаганы бар. Бирок АШАда андай аракеттер байкала турган болсо, ал күн анын өзү үчүн гана эмес, анын айланасындагылар үчүн да эркиндиктеги акыркы күн болуп калышы кажет. АША каалаганда эле элди кагыштырып, адамдарды курмандыктарга учуратып, андан бизнес жасай бергидей Кыргызстан “Кыргызавтомаш” эмес экендигин укук коргоо органдары анын чарчанкып калган мээсине жеткирүүсү зарыл!

«Учур»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу