КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАН ЖӨНӨТКӨН ГУМЖАРДАМДАН БАШ ТАРТТЫ

Кыргызстанга гуманитардык жардам берүү маселеси актуалдуулугун жоготту. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптын чукул кайрылуусу үстүбүздөгү жылдын май айында чыккан. Ош облусунда жер көчкү, кар көчкү, жер титирөө болгондо жардам керек болгон.

“Кыргыз өкмөтүнүн жана чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөнүн түштүгүндөгү абал жөнгө салынды. Буга байланыштуу Казакстандын өкмөтүнө жардам берүү сунушуна ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам берүү актуалдуулугун жоготконун белгилейт”,-деп жазылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин жаратылыш кырсыктарына байланыштуу казак өкмөтү кыргыз тарапка гуманитардык жардам жөнөтөрү тууралуу маалымат чыккан болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу