Кыргызстан Казакстан боюнча арызын чакыртып алды

Кыргызстан Казакстанга карата Дүйнөлүк соода уюмуна жазган арызын чакыртып
алышы мүмкүн.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, эки өлкө
ортосундагы чек арадагы жаралган кырдаал боюнча “Жол картасына” кол коюлган соң эл аралык уюмдун кароосуна зарылчылык калган жок.

“Биз буга чейин берген кайрылуубузду токтотуп, чакыртып алышыбыз мүмкүн. Себеби, “Жол картасын” ишке ашыруу боюнча келишимге жетиштик. Бирок эл аралык укукта каралган бардык
мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно аларыбызды далилдедик”, – деди Абдыгулов.

10-октябрда кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөтүлгөн соң кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк Соода
уюмуна арыз менен кайрылган. Анда Казакстан эл аралык уюмдун эркин соода жүгүртүү эрежесин бир тараптуу бузуп жатканы айтылган.

Арыз 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин Женевада өткөн
жыйынында каралган.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу