Кыргызстан жана Өзбекстан жерлери менен алмашат. Азырынча маселе талкуулоо деңгээлинде турат

Кыргызстан менен Өзбекстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде уникалдуу прецедентти жаратышы ыктымал. Тагыраагы, тынчтык жолдо калктуу аймактары менен алмашуусу күтүлүүдө. “Интерфакс” агенттигинин билдиргени боюнча, учурда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиялары Барак кыргыз анклавын Өзбекстандын чек арага чектеш ушундай эле аянттагы жерине алмашуу маселесин талкуулашууда. “Ъ» агенттигинин аймактагы ишенимдүү маалымат булактары мындай вариант чындап эле каралып жатканын тастыкташты, бирок аны бекитүүгө, андан ары ишке ашырууга али көп бар экенин кошумчалашты.

Кыргызстан Барак айылын Өзбекстанга берүүгө даяр экенин кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тараптан өкүлү Байыш Юсуповдун айтканына таянуу менен “Интерфакс” агенттиги маалымдады. “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак эксклавы Өзбекстанга өтөт. Өз кезегинде Өзбекстан Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык аймагына жакын жерден Баракка тете жер тилкесин берет”, — деди Юсупов мырза. Ал ошондой эле Кыргызстанга да түшүмдүү жер берилерин кошумчалап өттү.

Барак анклавынын аянты – болгону 4 чарчы чакырымды түзөт. Учурда анда 80 адам жашайт: айыл элинин көпчүлүгү турмуш шарттын оордугунан кетип калышкан.

Айылды Кыргызстандын негизги бөлүгүнөн өзбек аймагынын бир канча чакырымдык сызык гана бөлүп турганына карабай, андагылардын үйлөрүнө баруусу кыйынчылыктарды жаратып келет. “Ъ” агенттигинин аймактын социалдык көйгөйлөрү менен жакындан иш алып барып келаткан маектеши кош бойлуу аялдарды чек арадан төрөтканага өткөрбөй койгон учурлар болгонун айтып берди. Ал ошондой эле Барактын көпчүлүк жашоочулары Ош облусунан жер тилкелерин алышканын, бирок өз үйлөрүн таштап кеткилери жок экенин кошумчалады.

“Ъ” агенттигинин сурамжылоосуна катышкан эксперттердин пикирлерине таянсак, эки өлкөнүн арзыбаган жер аянттары менен алмашуусу кыргыз-өзбек мамилесинде прогресс болуп жатканынан кабар берет. Эскерте кетсек, мамиленин жакшыруусу 2016-жылдын декабрында Өзбекстанда бийлик алмашып, Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан башталды. Мирзиёевдин тушунда өзбек жамааты жашаган Кыргызстандын Ош облусуна чек арадан өтүү процедуралары кескин жеңилдеди. “Ъ” агенттигине берген маегинде Өзбекстандагы “Борбордук Евразия “ аналитикалык тобунун жетекчиси Владимир Парамонов: “Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүү процесстериндеги ийгиликтер – аймактагы башка өлкөлөр үчүн эң сонун үлгү”, — деп билдирди. “Менин оюмча, эки өлкөнүн жетекчилиги менен эксперттерине тынч жумуш режиминде иш алып барууга мүмкүнчүлүк берип, кырдаалды курчутууга жол бербей, сүйлөшүү процесстеринин татаалдыгынан спекуляция жасоодон оолак болуу зарыл”, — деп кошумчалады эксперт.
Мындай пикирди дипломаттар да карманышууда. “Ъ” агенттигине Өзбекстандын ТИМинин маалымат кызматынан билдиришкендей, азырынча аймактарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кабыл алынган чечим катары сөз кылууга эрте.

Бул маселе сунуш деңгээлинде талкууланды. Аны жумушчу топ карап чыкканын “Ъ” агенттигине ведомстводон билдиришти. – Бирок мындай маселелер президент жана парламент аркылуу чечилет. Адатта бат эле бүтө калбайт, президенттердин деңгээлинде жолугушуулар болуусу зарыл”.

Ушундай эле маанайдагы пикирин “Ъ” агенттигине Кыргызстандын өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров да айтты. Ал: “Байыш Юсупов каалоону чындык катары бериптир, аныгында аталган анклав боюнча маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссияларынын деңгээлинде карала элек”, — деди. Мындай билдирүү Кыргызстандын өкмөтүнүн маалымат кызматына тараткан билдирүүсүнө каршы келүүдө. Анда: “Тастыкталбаган калган участкалар боюнча эки тарапка тең ыңгайлуу негизде мамлекеттик чек аралардын долбоордук сызыктарын аныктоо жаатында иштер жүрүүдө. Анын ичинде Барак участкасы боюнча дагы”, — деп айтылат. Көрүнүп тургандай, анклав маселесин азырынча Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топтору гана карап, бирок өкмөттөр аралык жыйында макулдашыла элек.

Курбанбай Искандаров комиссия анклавдын жашоочуларынын маселесин чечүүнүн 5-6 вариантын иштеп жатканын айтты. – Жакында биз алар менен жолугуштук, болгон көйгөйлөрдү талкууладык. Алардын негизгиси – Өзбекстандан Кыргызстанга эркин өтүүчү жолдун жоктугу. Бүгүнкү күндө айылдын жашоочулары Кыргызстанга баруу үчүн кошуна облус аркылуу 300 чакырым жол басууга аргасыз”, — деди ал.
Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин акыркы этабы 1-7-августта өткөн. Өзбекстандын ТИМинин билдирүүсүндө, анын жыйынтыгы боюнча Барак анклавы жөнүндө эч нерсе айтылбайт, бирок Өзбекстандын Кыргызстандагы ири Шахимардан эксклавы жөнүндө сөз болгон.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өзүнүн кыргыз кесиптеши (анда Алмазбек Атамбаев эле) менен чек аралардын 85 %ын делимитациялоо боюнча келишимге кол койгон. Демек, учурда калган 15 % участкалар боюнча иштер жүргүзүлүп атат. Мирзиёевдин Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков менен жакынкы убакыттагы жолугушуусу 3-сентябрда Чолпон-Атада (Ысык-Көлдүн жээгинде) өткөнү турат. Ал жакта түрк тилдүү элдердин кызматташуу кеңешинин жыйыны өтмөкчү. Бирок анда өлкө башчылары аймактарды алмашуу маселесин көтөрүшөбү, жокпу, азырынча белгисиз. “Ъ” агенттигинин аймактагы маектештери бир жагдайга көңүл бурушууда. Алардын пикирлери боюнча, аймактарды алмашуу маселеси Кыргызстандагы ички саясий процесстерден улам токтоп калышы ыктымал. Анткени, Кыргызстанда Өзбекстандан айырмаланып, активдүү оппозиция бар. “Кыргызстанда бул адат болуп калган, жерлерди кошуна өлкөлөргө берүү маселесинде оппозиция бийликти күнөөлөп чыгат”, — дейт Борбордук Азия боюнча эксперт Александр Князев. – Аскар Акаевди бийликтен кетирүү 2002-жылы Кытай менен жер алмашууга нааразылыктардан улам башталган. Бирок анда сөз эл жашаган айыл эмес, жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймак жөнүндө болгон эле”.

Булак: Kommersant.ru

Аргумент.kg
Жооп калтыруу