Кыргызстанды туризм боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуу максаты коюлду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттө туризмди өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын функциясын тактап көрсөтүүнү тапшырды. 2018-2022-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы өкмөткө сунушталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдиргендей, программанын негизги милдети — Кыргызстанды чөлкөмдө туризм жаатында алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошуу жана туристтик агымды жыл сайын 10% жогорулатуу.

Расмий кабарга ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди комплекстүү өнүктүрүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү боюнча макулдашылган саясатты жүргүзүү үчүн өз алдынча орган түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Бул орган маркетингдик алга жылдырууну ишке ашырат жана туристтик объектилерди натыйжалуу башкарууну камсыздайт. Буга катар туризмди өнүктүрүү аймактардын, айыл чарбанын өнүгүүсүн жана жаңы жумушчу орундары түзүлүшүн шарттайт», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө сын-пикирлерди эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү программасын толуктап иштеп чыгууну, туристтик тармакты алга жылдыруу боюнча мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын так көрсөтүүнү тапшырды.

Булак: Ktrk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу