Кыргызстандын фондулук рыногун Атамбаев кантип өздүк кылып алган?

Алмазбек Атамбаевдин башкаруу жылдарында Кыргыз фондулук базары башынан оңой эмес учурга туш болду. Фондулук рынок бул учурда кезектеги жеке менчиликке бөлүштүрүүнү кайрадан башынан өткөрдү.
Өлкө болсо Атамбаевдин фирмасына айланып, анын колу тийбеген жер калбады. Ал барган жеринде Бакиевдик режимди каргап-шилеп, аны мокочо көрсөткөн саясий билдирүүлөрдү жасаганы менен, көшөгө артында бардык мүлктөрдү ээлей баштады, кыңыр иштерди күчөттү.
Атамбаевдин мындай ачкөздүгүнөн Кыргыз фондулук рыногу да кыйып өтө албады. Өз учурунда өкмөттү жактаган маалымат каражаттары “ханзаада” Максим Бакиев жана анын достору Гуревич жана Елисеев менен Борбор Азиялык CASE фондулук биржасына ээлик кылат деп жазып чыккан. Же жаш Бакиев Кыргызстандын биржасын менчик катары кармап турганын маалымдаган.
Интернет булактарынын бири керек болсо текшерүүчү органдар “Максимдин мүлктөрүн мамлекетке өткөрдү” деп жарыялаган. Дал ушул макалада фондулук биржанын документтерине таянып, анын өзүн-өзү актабай калганы жазылып, Максимдин адамдары кеткенден кийин абал жакшырганы маалымдалат. Бирок азыр бул базарда көптөн бери башка адамдар “ойноп” жатат. Ал Атамбаевдин өз кишилери. Ушул жерден айта турган нерсе, Кыргыз фондулук биржасында бир рекордсмен пайда болгон. Ал Атамбаевге тиешелүү.
Атамбаевдин “менчиги” болгон ОАО «УБГ Инвест» 2015-жылы кыска маалда өз капитализациясын 3,3 млрд. сомго чейин көбөйткөн. Аны менен бул фирма 3,5 млрд. капиталы бар “Манас” аэропортунан кийинки экинчи орунга чыккан. ОАО «УБГ Инвест» капитализациясы боюнча Оптима Банк» (2,8 млрд), «Айыл Банк» (2 млрд), «РСК Банк» (1,9 млрд), «Бишкектеплосеть» (1,1 млрд) и «Кыргызалтын» (1 млрд) ишканаларынан заматта озуп кеткен. Фондулук биржадагы мындай секирик жашыруун кармалып, аны “оюнчулар” да анча биле берген эмес. Өз кезегинде бул интернет булактарына жарыяланып кеткен.
Атамбаевдин адамдары, тагыраак айтканда анын кеңешчиси, “эстен кеткис” Василевецкий жогорудагы маалыматтардын ачыкка чыгып кеткенине катуу кыжырданат. Мындай “иликтөөнү” эң жогорку даражадагы чиновниктер сынга алып, көзөмөлдөөчү органдарды «УБГ-Инвестага» жолобоону катуу тапшырат. Бул ишканадан болсо Атамбаевдин кулагы көрүнүп калат. Журналисттин бул иликтөөсү өз жемишин берип, фондулук биржаны туугандар жана бир ууч топ мыкчып жатканы ачыкка чыгат.
Биржанын президенти жана листингтик комитетинин мүчөсү Назар Абилезимович Ниязов Алмаз Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун жакын бир тууганы экени белгилүү болду. Листинкте «УБГ Инвест» пайда болгон учурда биржаны Назар Ниязов жетектеп турган.
Мындан журналистер көптөгөн кызыктуу фактыларды казып чыгышкан. Мисалга алсак «УБГ» компаниясы Кыргызстанда цемент заводун куруп жана ага инвестиция тартуу үчүн цемент заводунун алдында баалуу кагаз чыгарууну көздөгөн. Ооба ал азырынча салыкты аз төлөйт, бирок эмнесин төлөйт ишкана жаңы курулганы жатса.
Бирок компаниянын соодасы таңкалаарлык. Чыгарылган акциясы 600 млн. сомго өткөн.
2017-жылдын май айында 692,2 млн. сомго соода жүргөн. Жыйынтыгында 12 эмиссия үчүн капитализациялоонун көлөмү 3 млрд. 386,76 млн. сомго жеткен. Башкача айтканда акция чыгаруудан «УБГ Инвест» инвестициялык долбоорго салуу үчүн 3,3 млрд. сом инвестиция тарткан.
Нарын областынын Кочкор районунда жайгашкан «Көкадыр» талаасында 369 гектар болгон аянтта “УБГ Инвест” менен ЗАО ФИНЭКС биргеликте Барита кенин кайра иштетүүнү баштады. Барит бур станцияларында дубалдарды бекемдөөдө алмаштыргыс химиялык элемент болуп саналат, ал ар кандай бийиктиктерди казууда дубалдардын көчүп кетишине жол бербейт. Бирок кереметтер дагы эле эсепте. Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин сайтында лицензиаттардын баарынын тизмеси бар. Барит менен иштеген компаниялардын тизмесинде “УБГ Инвест» жана «ФИНЭКС” компаниялары жок. А цемент заводунун курулушуна келсек, бул жерде да амалкөйлүксүз болгон эмес. Нарын областынын Жумгал районундагы чуу жараткан, өндүрүмдүүлүгү суткасына 3 миң тонна, баасы 100 млн. доллардан ашкан завод курууну “УБГ Инвест” долбоору ОАО «Жумгал Суу Курулуш» биргеликте баштаган. Башка маалымат булактарынан белгилүү болгондой, 2014-жылы экологияга келтирген зыяны үчүн «Жумгал суу Курулуштун» лицензиясын токтотушмак болгон, бирок айып пул гана салынган. Ошол эле жылы көмүр жеткирүүчүлөр иш таштаган, ошол компания алардын арасында болгон. Компания цемент менен эмес, болгону көмүр кенин иштеткени анык болгон. Бул жерде да чоң сыр бар. Ал эми Атамбаевдин эксперттери мыйзамды сыйлаган инвесторлордун кадыр-баркына көлөкө түшүп жатат деп журналисттердин ишине нааразы. Кыскасы, биз көрүп тургандай фондулук рекордсмен «УБГ Инвест» бул компания эмес эле Атамбаевдин жана анын командасынын аффёрасы. Тиешелүү органдар тез арада мындай мандемдүү көрүнүштү иликтеп чыгышы керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу