Кыргызстандын “тиреги” Салимбай “байбача” болсо, өлгөнүбүз ушу да…

Салимбай “байбачаны” (Салимбай Абдувалиев) Өзбекстандагы эң таасирдүү үч адамдын бири катары эсептешери белгилүү – президент Ш.Мирзиёев, Салим жана Гафур Рахимов. Олигархтардын катарына кошулуп калуусуна мурда “кримтөбөл” болуп жүргөнү да пайдасын тийгизген. Өзбекстандын эркин күрөш боюнча беш жолку чемпиону, ушу тапта болсо жаш спортчуларга көмөк көрсөтөт, күрөш ассоцациясында төрага.

Коңшулаш өлкөдөгү олигарх, кримтөбөлдүн кыргыз саясатына таасири боюнча мурдатан бери эле айтылып келе жатат. Бул биринчи кезекте Ош областында өзбек тилдүү шайлоочулардын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Билермандардын айтуусунда, Кыргызстандагы өзбек тилдүү калк Салимбай “байбачанын” айтканын айткандай аткарышат, кимге добуш бер десе, андан чыгышпайт. Мисалы, 2015-жылкы парламенттик жарышта Салимбай “байбача” “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыгы, анын анабашчылары өзбек олигархы менен жолугушканы жөнүндө кеп тараган. Эми болсо, өзбек олигархын “Кыргызстандын тиреги” деп мактаган кишилер тартылган видео жарыяланып, ал кызуу талкууга түштү. Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам Салимбай “байбача” кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын белгилешет жана ал киши Кыргызстандын “тиреги” экенин айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдорун билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган. Баары орус тилинде сүйлөшөт. Тасмага Оштогу олигарх Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаровго окшош адамдар тартылган. Бирок, ал экөөнөн да, Салимбай “байбача” Сооронбай Жээнбековду колдогондугу тууралуу тыянакка президенттик администрациядан да жооп бололек.

Мурда деле кыргыздын каймагы, сыймыгы көрүнүп жүргөн адамдардын Салимбай “байбачанын” жанында чапан же топу кийип кошоматтанган учурларын көргөнбүз. Бирок, бул кримтөбөлдүн Оштогу 2010- жылкы кыргындын башкы уюштуруучусу Кадыржан Батыров менен достук мамиледе болгондугун эске алсак, мындай ымала жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Биздин жамандар өздөрү чуркап барып, кошоматтанып олтурса, анан “биздин тилге расмий макам бергиле” деп кыйкырып чыкпай өзбек туугандарда ал жокпу? Ошол эле Жалил Атамбаевдин канча адамды сыздатып басып жүргөнү жетиштүү эле деңгээлде айтылды эле, бирок, кана чара көрүлгөнү? Эми ал аты-жыты чыкпай калган Нургазы Айдаровго кошулуп алып, жаңы президент Сооронбай Жээнбековго көө жаап жатышпайбы… океңдер айтмакчы, “без комментариев”.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу