Кыргызстандын тарыхында тышкы иштер министри алгачкы жолу иш сапары менен Норвегияга барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегияга барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Айдарбеков Норвегиялык кесиптеши Ине Эриксен Сөрейде, юстиция министри Тор Миккель Вара жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугат.

Жогоруда аталган өлкөгө Кыргызстандын тышкы иштер министри  Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бараары айтылды. Ошондой эле иш сапардын алкагында Норвегияда жашап, иштеп жаткан мекендештер менен да жолугушат.

Булак: Барометр 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу