Каржы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын мамлекеттик карызы рекордун жаңыртты.
Маалым болгондой, быйылкы жылдын апрелине карата ал 4 миллиард 160 миллион долларга теңелди.
Анын 3 миллиард 803 миллиону – тышкы карыз.
Өз кезегинде, бул бересенин 59 пайызын жеңилдетилген насыялар түзөт.
Кыргызстандын эң ири кредитору – Кытай. Экспорттук-импорттук банк алдында биздин өлкө бересенин 40,6 пайызын төгүшү керек.
Ички дүң өндүрүмгө карата карыз 58 пайызга жакындады.
Булак: Каганат