Кыргызстандын Кытайга болгон карызы күн сайын 470 миң долларга өсүүдө. Кантип төлөш керек?

Кыргызстандын Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон карызы күн сайын 469,5 миң долларга өсүүдө.
Мындай жыйынтыкка финансы министрлигинин сырткы карыздар боюнча 2017-жылдын 31-майындагы
маалыматын анализдеп келсе болот.
Болгону бир жылдын ичинде, 2016-жылдын 31-майынан ушул жылдын 31-майына чейин Кыргызстандын
Кытайга болгон карызы 171 млн. долларга өсүп, жалпы республикалык сырткы карыздын 40,5%ын түзгөн.

 

Кыргызстандын сырткы карызы үстөктөрүнүн эсебинен жыл сайын болжолдуу 150-200 млн долларга өсүүдө.
Акыркы 11 жыл ичинде өлкөнүн сырткы карызы 2 эсе көбөйгөн.

 

Акыркы жылда Кыргызстандын карызы Кытайдын Экспорт-импорт банкынан кийин эле эң көп суммага
Ислам өнүктүрүү банкында, Азия өнүктүрүү банкында жана Айыл-чарбачылыкты өнүктүрүү эл аралык
фондунда өскөн.
КРнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан туруктуу мамлекеттик карызы бар
мамлекет катары классификацияланат.

 

Эске салсак,кредиторлорго болгон ички жана сырткы мамлекеттик жалпы карыз 4,243 млрд. долларды
түзөт.

(http://zanoza.kg/doc/360032_dolg_kyrgyzstana_pered_kitaem_ejednevno_rastet_na_470_tysiach._chem_otdavat.html)
сайтынан кыргызчаланды

Аргумент.kg
Жооп калтыруу