Кыргызстандын курама командасы Малайзия футболчуларын жеңип алды

Командалар алгач ирет беттешти. Матч Малакка шаарында өттү.

Бүгүн, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы малайзиялык атаандаштарын 1:0 эсебинде утту. Командалар алгач ирет беттешти.

Бул Кыргызстандын улуттук командасынан 2019-жылдагы Азиянын кубогунда даярданган жолдоштук беттештин алкагында өткөн таймаш эле. Оюн Малакка шаарында «Ханг Жебат» стадионунда болду.

Беттештин 68-мүнөтүндө улуттук курама команданын жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев бир топту атаандашынын дарбазасына киргизди.

Кыргызстандын курама командасы FIFA уюмунун азыркы рейтингинде 91-орунда, Малайзия 171-орунда турат.

Ал эми бир айдан кийин Кыргызстандын командасы Япониянын футболчулары менен беттешет.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу