Кыргызстандын коррупционерлери 700 млн доллар жеп коюшту.

Башбакан Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетине өкмөттүн өткен жылдагы отчөтун берип жатып: 2017-жылы «Коррупция» беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголгонун, жалпысынан Кыргызстандын «коррупционерлери» мамлекеттик бюджетке 670 млн. сом зыян кылганын айтты.

Эң кызыгы, ошончо опол тоодой акчанын 18,4 миллион сому эле мамлекетке кайтарылыптыр. Дагы кызыгы, козголгон кылмыш иштеринин 82си сотко өткөн. Ошондо бир тобу жең ичинен кыскарып кетти деп түшүнсөк болобу?

Мындан тышкары, Абылгазиев 2017-жылы аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча бюджетке 8,4 млрд. сом өндүрүлгөнүн, бул 2016-жылга салыштырамалуу 3 эсеге көп экенин кошумчалады.

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу