Кыргызстандын калкынын 62%ы Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» статусунан ажыратып, жоопкерчиликке тартууну колдойт

Парламентте Бишкек ТЭЦинде болуп өткөн аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан маалда, аталган комиссиянын мүчөсү, ЖК депутаты Исхак Масалиев Алмазбек Атамбаевди да «экс-президент» статусунан ажыратуу менен жоопкерчиликке тартууну сунуштап чыккан.

Анын айтымында А. Атамбаев 2011-жылы премьер-министр болуп туруп, кытай тарап менен ТВЕА менен контракт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаган. «Башка премьерлер, анын ичинде Сапар Исаков дагы бул саясатты жөн гана уланткан. Алмазбек Атамбаев дагы жооп бериши керек деп ойлойм», — деген И. Масалиев.

Ушундан улам «24.kg» маалымат агенттиги өзүнүн окурмандары арасында И. Масалиевдин көтөрүп чыккан сунуштамасы боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 62%ы «Мамлекет башчысында кол тийбестик деген болбош керек жана ал өз чечимине жооп бериши керек» деп жооп беришкен. Ал эми Атамбаевди колдогондор бар болгону 23%га жеткен.

Демек, А. Атамбаев эми өзү мурда айтып келгендей кетирген катачылыктары үчүн мыйзам алдында жооп бере турган учуру келди окшойт. «Эгерде мен мыйзам бузсам, туура эмес иш кылсам, анда мен да жоопкерчилик тартам» деп дайыма айтчу. Ошол сөзүнөн эми танбашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу