Кыргызстандын жаштары премьер-министр Сапар Исаковдун отсавкасын талап кылат!

Сапар Исаков кыргыз республикасынын өкмөтүн башкарууга татыксыз экенин тастыктады. Кыргызда “Кой бала, колуӊдан келген ишти кыл!”- деген сөз бар. Анын сыӊарындай, элибиз Сапар Исаковдун “чала” иштерине дагы канча чыдаш керек? Сапар мырзанын өкмөт башчы болуп иштегенине көп болсо алты –жети ай болду. Албетте айрым жасакер, бийликке келген кандай адам болбосун кетменин чаба берген немелер “Эми иштесин да, кайра кайра эле өкмөттү алмаштыра бергидей эмне өкмөт оюнчукпу?” – деши мүмкүн. Бирок , Сапар Исаков өкмөттү чынында эле “баланын оюнчугу кылып бүттү. Минтип айтып жатканыбыз бекер эмес, эмесе биз Сапардын ар бир “кадамын” сиздерге санап берели.

1. Премьерлик кызматка келбей жатып Исаков Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курмак болуп, 37 млн. доллар иштетип койгон “Русгидро” чатагынын негизги каарманына айланды.

2. “Лигласс” аттуу күмөндүү компания менен ГЭС куруу келишимин түздү. Буга чейин эч качан мындай чоӊ курулуш иштерин жүргүзбөгөн “Лигласс” Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу менен эле чектелбей, Кыргызстанда дагы ондон ашык кичи ГЭСтерди курууга Сапар Исаковдон уруксаат алды. Кыргызстандын премьер-министри, элибиз жаш деп ишеним арткан бул жигит “Лигласс” келишими сыяктуу авантюралык ишке эмне себептен барды алиге дейре белгисиз.

3. Кыргызстандын мамлекеттик “Мегаком” компаниясын кайдагы бир кооптуу адамдарга сатып жиберүүгө далалат кылды.

4. Казакстан менен чек ара көйгөйү татаалдашканда маселени олуттуу сүйлөшүп чечкендин ордуна президент Нурсултан Назарбаевдин жанында туруп сүрөткө түшүп, “чек ара маселесин чечип койдум” деп, элге жарыялады. Бирок артынан эле калпы чыгып, уят болду. Сапар Исаков тышкы саясатты кой, кошуна боордош эл менен маселе чечүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Дүйнөлүк коомчулукка Кыргыз бийлигин арсыз көрсөтүп, кадырын түшүрдү.

5. Сапар Исаков премьер министрлик кызматында сүрөткө түшүү, пиар жасоо, пайдасыз шаан шөкөттөрдү өткөрүү, ондон ашык кеӊешчи алуу сыяктуу арзан баа иштерге убакыт көп коротту.

6. Өкмөт быйылкы кышка камылга көрө алган жок. 3 күндүк суукта элди тоӊдуруп салды. Жаӊыладык деп 386 000 000 доллар Кытайдан карыз акча алып салган ТЭЦте ремонт, жаӊылоо жүрбөй эле, тескерисинче тетиктерин кымбат баалап, миллиондор уурдалганы, ал тургай жөнөкөй кычкач 640 доллардан сатылып алынганы белгилүү болду. Аны ТЭЦтин мурдагы жетекчиси ашкереледи. ТЭЦ авариясы болгондо Исаков ТЭЦти толук оӊдоо үчүн дагы 700 миллион доллар керек, тарифтерди жогорулатуу зарыл дегенден башка оӊ акыл таба албады. Жаӊычыл, реформатор, мамлекетке жаӊылык алып келет деп күткөн Исаков баягы эле эскиче аракеттерди көрүп, быйыл кышында үшүгөн элге төшөк таратып күлкү болду.

7. Сапар Исаковдун бетине карманары – “Таза коом” деп атаган өнүгүү тууралуу 40 кадамынынын негизгиси “Коопсуз шаар” долбоору болчу. Анын алкагында кытайлык “Хуавей” компаниясы менен шаарга видеокөзөмөл орнотуу келишими түзүлгөн. Тилекке каршы бул долбоору дагы ишке ашкан жок. ГЭС курмакчы болгон аферага жакын “Лигласс” компаниясы менен түзүлгөн келишим сыяктуу, коопсуз шаар долбоору дагы күм-жам болду!

Урматтуу Сапар Жумакадырович!

Сизди элибиз, жаш, реформатор, жаӊычыл деп деп үмүт кылган. Өзүӊүздү жаӊы муун өкүлү катары дагы айтып жүргөнсүз. Бирок, алашем кадамдарыӊыз, ишке ашпаган долбоор, арты-артынан уялбай берилген убадалар менен элди ирээнжитип жатасыз! Эл арасында жаш муунга болгон ишенимдин жоголушуна шарт түзүп бердиңиз. Улам ишке ашпаган долбооруңуз менен мамлекетибизге эксперимент жүргүзө берүүнүн да чеги болот. Сиздин мындай чабалдыгыңыз жалпы бийликке дагы көлөкө түшүрүшүн эске алыңыз. Премьер-министр кызматын кесипкөй, чарбачыл жетекчи башкарышын каалайбыз. Сизди кызматты тапшырып, отсавкага кетүүңүздү талап кылабыз!

“Күч Биримдиги” саясий кыймылы 16-март, 2018-жыл.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу