Кыргызстандык шахматчы кыздар дүйнөлүк олимпиадада кичи алтын алышты

Грузиянын Батуми шаарында 24-сентябрда башталып, 5-октябрда аяктаган дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын шахмат боюнча кыз-келиндер курама командасы кичи алтын утуп алышты.

“Дүйнөлүк олимпиада-2018” турнирине 149 өлкөнүн аялдар курама командалары катышкан. Кыргызстандын курама командасы жалпы 11 оюнда 13 упай (6 жеңиш, 4 утулуш, 1 тең чыгуу) топтогон. Бул жыйынтык менен С группасынын арасында алтын медалга ээ болушту. Ал эми жалпы командалык рейтингде 48-орунду алышкан.

Батумиде Кыргызстандын шахмат боюнча кыз-келиндер курама командасында Александра Самаганова, Диана Өмүрбекова, Бегимай Заирбек кызы, Зарина Усупбекова жана Шаадат Момуналиева болду.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу