Кыргызстандык спортчулар Грузиялык мушкерлер менен беттешет

WEF Global 7 — Kyrgyzstan vs Georgia турнири 25-март күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Кыргызстандык спортчулар Грузиялык мушкерлер менен беттешет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынан (WEF) билдиришти

Маалыматка ылайык, WEF Global 7 — Kyrgyzstan vs Georgia турнири 25-март күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Аталган турнирге, UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери, буга чейин бир дагы ирет жеңилбеген россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовдун конок катары келиши күтүлүүдө.

Федерациядан Хабиб Нурмагомедов спорт сүйүүчүлөрү менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берерин кошумчалашты.

Булак:  Sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу