Кыргызстандык жарандар кырсыкка кабылды

Россиянын Рязань облусунун Шацк районунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жарандарынын төртөө ооруканада жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгына кабылгандардын 8и тең Кыргызстандын жарандары. Алардын төртөө медициналык кароодон өтүп, үйлөрүнө кайтышкан, ал эми калган төртөө ооруканага жеткирилген. Ооруканага жеткирилгендердин айрымдарынын абалдары оор, айрымдарыныкы орточо. Алардынтуугандары табылып, бүгүн эртең менен Рязань шаарына кетишкен.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу