Кыргызстандыктардын 90%ы Асылбек Жээнбековдун депутат болуп калышын каалайт

31-мартта экс-президент А. Атамбаев маалымат жыйынын өткөрүп, анда “Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек. Ал мандатын тапшырбаса, анын арты баары бир жаман болот”, — деген болчу. Ушундай эле талапты ага чейин экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да айтып чыккан. Бирок, коомдук ишмерлер, саясатчылар бул талаптын орунсуз жана мыйзамсыз экенин билдирип келишет.

Экс-президент Атамбаевдин койгон талабы боюнча интернет түйүндөрүндөгү активисттер калк арасында “ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керекпи же депутаттык ишин улантышы керекпи?” деген суроо менен сурамжылоо өткөзүштү. Сурамжылоого жалпысынан 1000 адам тартылган. Алардын 910у “Асылбек Жээнбеков депутаттык ишмердүүлүгүн улантышы керек” деген жообун беришкен. Калган 90у гана “Атамбаев туура айтып атат” деген жооп кылышкан.

Мына ушундан эле кыргызстандыктардын 90%дан ашууну Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун депутаттык ишмердүүлүгүн улантышын каалай турганын билсек болот. Демек, элибиз эч кандай үй-бүлөлүк-кландык башкарууну көргөн жок, андай болгон да жок.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу