Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмүн көбөйтүү тууралуу токтомго кол койду. «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» токтом пенсионерлерди колдоо максатын көздөйт, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, 1-октябрдан кийин пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом өлчөмүндө белгиленет же 280 сомго жогорулайт. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,05 индексациялоо коэффициентине жогорулатылып, бирок 240 сомдон кем эмес өлчөмдө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоо коэффициенти өткөн жылдагы инфляциянын өсүшүнүн жана эмгек акынын өсүшүнүн негизинде эсептелет.

I топтогу майып жарандардын пенсиясынын өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимунунун көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет. Ал эми, 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин дайындалган пенсиялар үчүн 2015-жылдагы пенсионердин жашоо минимунунан төмөн эмес 4637 сом өлчөмүндө белгиленсе, 2017-жылы чектелген пенсиялар үчүн 4304 сом белгиленет.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу