Ички иштер министрлигинен «Азаттыкка» билдиришкендей, 10-августтан тартып сентябрга чейин Кыргызстандагы курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат.
Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити 3-сентябрда Чолпон-Атада белгиленген.
Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыздоо максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы. Учурда Кыргызстанда курал-жарак саткан ондон ашык дүкөн бар. Аларда негизинен аңчылык куралдары сатылат.
Мындан тышкары ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз-эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын дагы бир ирээт эскертти. 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак миңдеген ок-дарысы менен кошо жоголгону белгилүү.
Булак: NazarNews.kg