Кыргызстанда “Жибек Жолу” аттуу эл аралык веложүрүш башталды

18-августта Кыргызстанда велосипед ышкызбоздору демилгелеген “Жибек Жолу” аттуу эл аралык веложүрүш башталды. Ага дүйнөнүн чар тарабынан 95тей велоспортчу катышарын “Азаттыкка” жүрүштү уюштуруучу британиялык Нелсон Трис билдирди.

Жарыштын аралыгы 1700 чакырымды түзөт жана жалпы жонунан 26 миң метр бийиктикке чыгуу каралган. Велосипедчилер тамак-ашын өздөрү менен кошо алып жүрүп, тоо-ташта конуп түнөшөт. Соң-Көл, Көл-Суу, Чычкан капчыгайы жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен да өтүшөт.

Жарышка катышкан ар бир адам коопсуздукту камсыздоо үчүн GPS трекерди алып жүрөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу