КЫРГЫЗСТАНДА БИР КАПТАЛЫНДА “АЛЛАХ”, ЭКИНЧИСИНДЕ “МУХАММЕД” ДЕГЕН ЖАЗУУ БАР КОЗУ ТУУЛГАН

Сейрек, жаңы өсүмдүктөр жана жаныбарлар, жаңы породалар

• Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1976­-жылдын 10­-майындагы токтому менен 1-­жолу Кыргызстандын Кызыл китеби түзүлүп, 1981­-жылдын 13­-апрелиндеги токтому боюнча ага катталуучу өсүмдүктөр менен жаныбарлардын тизмеси бекитилген (Кыргыз жергесинде өсүмдүктүн 4,5 миңдей түрү өсөт, анын 600дөйү дары чөптөр). Кызыл китепке өсүмдүктүн 65, курт­-кумурсканын 18, канаттуунун 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13, балыктын 2 түрү киргизилген. Алардын ичинде өтө азайып же жок болуп бараткан анардын байыркы сорту, мандалактын сейрек учуроочу түрү, бүркүт, шумкар, аюу, элик, марал, илбирс ж.б. бар.

• Баткендин “Айгүл тоо” тоосунда “Айгүл” деген өтө кооз гүл өсөт. Мындай гүл Кыргызстандын башка жеринде өспөйт, ал түгүл дүйнө жүзүндө эки гана жерде-Канадада жана Афганстандын айрым жерлеринде гана өсөт экен. Илимде бул гүл “Рябчик Эдуарда” деп аталат. Ай тийип турган учурда гана гүлүн ачат. Уругу менен көбөйүп, жети жылдан кийин гана өсүп чыгат, дагы 7 жылдан кийин 1 гана гүл, кийинки жылы 2, ошентип жыл сайын бирден гүл кошуп турат. 28 гүл ачкан Айгүл гүлүн көргөндөр болгондугун айтышат. Апрель-май айында гүлдөп, аны көргөн адамдар бактылуу деп эсептелишет.

• Марко Поло жана Карелини аркар-кулжасы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө табиятында да сейрек кездешет. Алар Аксай өрөөнүндө байырлашкан. Мындагы “аркар оту” деп аталган чөп дагы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдөн.

• Жергиликтүү кыргыз жылкысы менен дон жана таза асыл тукум минги жылкыны аргындаштыруудан 1-жолу 1954-ж. порода катары жаңы кыргыз жылкысы алынган.

• Жүгөрүнүн “Манас” деп аталган гибриди Кыргызстандан башка эч бир жерде жок. Биздин шартта 200 центнерден кургак дан берет. Бул дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет.

• Республикада жаңы чарбаны-африкалык төө куш (страус) өстүрүүнү 1­-баштаган Үркүнбек Жуматаев. Ал Панфилов районунун Вознесеновка айылында төө куш фермасын түзгөн. Төө куш 1 жылда эле 90-110 килограммга жетет, жылына 80дей жумуртка тууйт, жумурткасынын салмагы 2,3-2,8 кг. 30-35 жыл жашайт.

• Гезиттик маалымат боюнча 1997­-ж. Нарын облусунун Таш-Башат айылынын тургуну Төлөбай Мамбетовдун кою бөтөнчө козу тууган. Анын бир капталында “Аллах”, экинчи капталында “Мухаммед” деген жазуу болгон. Бирок козу узак жашаган эмес. Ушундай эле жазуусу бар козу 2006-ж. январда Курбан айт учурунда Бишкектин «Актилек» конушунда жашаган Абдибахап Матубраимовдун үйүндө да туулган.

• Ош облусунун Карасуу районундагы Жоош айыл өкмөтүндө жергиликтүү фермер К.Карабаев койдун “Кактус” деген породасын көп жылдык селекциялык иштердин натыйжасында алган. Негизинен кызыл түстүү, жүнүнүн узундугу 17-25 см, башка тукумдагы койлордон салмактуу (2001).

• 2005-жылдын июль айында Жалалабат облусунун Алабука районунун тургуну Турсунбай Абдуллаевдин ую эки баштуу торпок тууган. Ветеринария департаментинин билдирүүсү боюнча Алабукада ушуну менен 2-жолу 2 баштуу торпок туулган.

• 1911-ж. Кеминде болгон зилзала (жер титирөө) 11 баллдан ашып, дүйнө тарыхындагы сейрек кездешчү табият ааламаты болуп эсептелет экен.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу