Кыргызстандагы бир катар университеттердин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева дагы шайлоого талапкерлигин коё турганы белгилүү болду.

Бийликтегилер шайлоо өтчү күндү тактоо менен алек болуп турган кезде президенттикке талапкер болчулар акырындан белгилүү боло баштады.

Бир нече партиялар талапкерлерин бекитишти. Ал эми жакында эле Кыргызстандагы бир катар университеттердин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева дагы шайлоого талапкерлигин коё турганы белгилүү болду. Алдыда Камила айым менен болгон маек.

ММКлардын бирине президенттикке талапкерлигиңизди коёруңузду айттыңыз эле, бул оюңуздан кайткан жоксузбу?

-Мен ар бир сөзүм үчүн жоопкерчиликтемин. Президенттикке талапкерлигимди коюу ниетим бар.

-Партиялардын жана саясий элитанын жардамысыз талапкерлик коюу кыйын экенин билебиз. Кайсы саясий күчтөр сиздин талапкерлигиңизди колдоп жатышат?

-Албетте, биздин коомдо элита пайда болду, алар шайлоого катышуу же катышпоо маселесин чечүү укугу аларга гана берилген деп ойлошот. Эгерде биз коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасын көргүбүз келсе жана аны азайткыбыз келсе, анда бүгүн бийликте отургандар саясаттан кеткидей кадамдарды жасашыбыз керек.

Алар баарына көз жумуп келгендиктен маселе чечилбей жатат. Көпчүлүгү он жылдар бою бийлик структураларында бир кызматтан экинчи кызматка өтүп иштеп келишет. Ал эми паракорчулук дагы деле бардык жерде гүлдөгөн.

Биз азыркы саясий абалдан чыгышыбыз керек. Учурда сырттагы жаңы адамдар шайлоого катыша албайт деп келишкени менен жаңы күчтөр пайда болушу керек. Мен биздин өлкөдө прогрессивдүү эркектер, айымдар, жаштар бар экенине ишенип шайлоого катышкым келип турат. Алардын баары калктын ар кандай катмарынан болгону менен максаттары бир – өлкөдө чыныгы өзгөрүүлөрдү көргүсү келет жана коррупцияга орун жок коомдо жашагысы келет.

-Айым президент менен эркек президенттин айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?

-Дүйнөлүк саясатта бийликтеги айымдар жаңылык деле эмес. “Биз назик көрүнгөнүбүз менен күчтүүбүз”. Бул менин сөзүм эмес, бирок буга кошулам. Биздин күчүбүз эмнеде? Биздин өлкөдө айымдар жоопкерчиликтүү, эмгекчил деп эсептейм. Айымдар менен бирге биз Борбор Азиядагы Америка университетин, Борбордук Азиядагы эл аралык университетин, жалпы республикалык тестирлөөнү жана башка көп нерселерди түздүк. Биз, аялдар ар бир үй-бүлө балдарына билим берүүсүнө, алардын ден соолугу чың болуп өсүүсүнө кам көрүүгө аракет кылып келебиз.

Бүгүнкү күнү аялдар өтө керектүү жана пайдалуу, ошондой эле заманбап президент болуп, коомчулуктун өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот деп эсептейм.

Маргарет Тэтчер: “Эгерде сиз бир нерсе айтылышы керек болсо эркекке баргыла, эгерде бир нерсени жасаш керек болсо аялдарга баргыла”-деген экен. Бул сөздө чындык бар.

-Сиз бүгүнкү саясий абалдан кабардарсыз да, президенттикке талапкер болчулар саясий куугунтукка кабылып жатышат. Сизге дагы компромат издешет деп коркпойсузбу?

-Оппоненттерине компромат издөө – бул азыркы бийликтин абалынын начарлыгынан кабар берет. Шайлоо – бул биринчи кезекте идеялардын күрөшү. Бизде болсо кандай? Калпычы адамдар өлкөнү башкарып, күнөөсүздөр түрмөдө отурганы туурабы? Маданияттуу өлкөдө абал ушундай болушу керекпи?

Эгерде саясий атаандаштарды камоо, оппоненттерди куугунтуктоо кадимки көрүнүш болуп калса, анда жооп белгилүү – көпчүлүк өлкөдөн кетти жана дагы көбү кетип калышы мүмкүн.

-Камила Дүйшөбаевна бизге убакыт бөлүп келип бергениңиз үчүн рахмат!

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу