Кыргызстанга Россия президенти Владимир Путин келди

Эки күн бою өтө турган иш-чараларга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери катышмакчы.
РФ президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин жыйыны менен Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Путинди «Манас» эл аралык аэропортунан өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Буга чейин Кыргызстанга Молдова президенти Игорь Додон, Армения президенти Серж Саргсян жана Белоруссия президенти Александр Лукашенко келген.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу