Кыргызстанга олимпиададан баш тартуу сунушталды

Россиянын Госдумасынын депутаты Виталий Милонов БРИКС өлкөлөрүнүн жана Кыргызстан, Казакстан жана Беларусия өлкөлөрүнүн улуттук олимпиада комитеттерине Россия менен тилектештик белгиси катары 2018-жылы Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы олимпиададан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу РИА “Новости” билдирди.

“Эгер Россиянын курама командасы оюнга катышуу мүмкүнчүлүгү болбосо силерге биздин өлкө менен тилектештик белгиси катары олимпиада оюндарына катышпоону сунуштайм. Биздин өлкөлөр кандайдыр бир Түндүк атлантика империализиминин таасирине туш болобуз. АКШ жана анын тарапташтары тарабынан ар кандай жылдарда биздин өлкөлөргө саясий кысым жана экономикалык коркутуп үркүтүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Бүгүн Россия АКШнын мээлөөсүндө турат. Ким кепилдик берет эртең силердин мекениңер жана улуттук намысыңар ушундай кырдаалда калбайт деп”,-дейт Милонов.

Эскерте кетсек, Эл аралык олимпиада комитети Россия мамлекеттик деңгээлде спортто допинг колдонуу системасын уюштурган деген жүйөө менен Россияны кышкы олимпиада оюндарынан четтеткен.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу