Кыргызнефтегаз жер алдынан нефть уурдагандарды кармады (видео)

Кочкор-Атадан Жалал-Абадга труба аркылуу келген нефтини уурдап жүргөндөр кармалды. Бул туурасында «Кыргызнефтегаз» ААКсынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Рашид  Сулайманов билдирди.

Ошондой эле, Нефтини уурдап жүргөндөрдү  Жалал-Абад ОИИБнин бир кызматкери»крышеват» эткендиктен, ууруларды кармоодо терс таасирин бергендигин кошумчалады.

Анын айтымында, акыркы бир айдан бери Кочкор-Атадан жөнөтүлгөн нефть Жалал-Абадга кеч келип жаткан. Мындан улам акционердик коомдун жетекчилиги баш болуп, нефть бүткөн  трубаны карап, издөө аракетин көрүшүп, жыйынтыгында Кыргызнефтигаздын жана коопсуздук кызматынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында урууларды кармашкан.

” Кочкор-Атадан труба аркылуу чыккан нефть Жалал-Абадка келгиче азайып кеткен учур орун алып жатты. Мындан улам акционердик коомдун жетекчиси да талапты катуу коюп, бир айдан бери себебин издеп жүрдүк. Коопсуздук кызматы да болгон күч аракетин жумшады. Мындан сырткары, жөнөкөй атуулдар дагы жардам беришти. Тактап айтканда,  үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү «Портер» үлгүсүндөгү  унаага атайын даярдалган идиштерге мунай куюп жаткан адамды көрүп, жергиликтүүлөр тасмага тартып алышкан. Анан биринчи болуп тургундар мага кабар беришти. Ошол замат мен милицияга кабар бердим. Уурулар окуя болгон жерден качып кетишкен, кармай албай калышкан. Унаасы калып кеткен, көрсө Сузакта нефть бүткөн  трубаны тешип, нефть алууга ыңгайлаштырып коюшуптур. Мунун кесепетинен болжолдуу түрдө 300 тоннага жакын нефть жоготуу болду”,-деди Кыргызнефтегаз» ААКсынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Рашид Сулайманов.

Булак: Govori.tv

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу