Кыргызды соргон алдамчы мунафык АША олуттуу коркунучка айланып баратат

Акча табуу үчүн тегин да саткан
Казанга барса татар,
Россияга барганда Андрей,
Китайда болсо хуйвамбей.

Бул АША президент болуп турганда чыгарылган ал жөнүндөгү частушкалардын бири. Анткени, ал кайсыл аймакка барбасын жөн туруп эле “менин ата тегим ушул жактык…” деп, өзү оюнан чыгарган санжыралардын бирине кирип кетчү. Чүйдө солто болуп жүрдү, анан “мени кошуна орусубуз эмнегедир аябай жакшы көрчү, ал мени дайыма Алеша деп эркелетчү, көзүм да көк эмеспи…” деп бир нерселерди кыйытып, арсалаңдап күлүп калчу. Эс акылы ордунда турган адам да ушинтип өз апасына сөз келтирип сүйлөчү беле? Ыйманы, бети жок, акча үчүн артын да саткандан уялбаган, эненин ак сүтүнөн айлангыр, наадан!

“Кытай уруусунун ичиндеги Төмөн тамга дегендин Төрдөш уругунан болом” деп чыкканда Таластык санжырачылар ары сүрүштүрүп, бери сүрүштүрүп, калың кара кытайлар түгүл, актарынын арасынан да таптакыр анын ата тегинин изин таба албай коюшкан. Курманбек Бакиев бийликке келгенде “мен ичкиликтин тейитинен болом, менин чоң аталарым Асанбай менен Атамбайдын бир тууганы Калматай деген Баткенде жашайт” дегенге өткөн.

Ал эми Өзбекстанга барганда, Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын жетекчилери менен жолугушканда “менин бабам Самарканддагы өзбектердин Карача деген уруусунан чыккан” деп айтып жүргөнүн, ошол үчүн ага сепаратист Кадыржан Батыров өзгөчө жакын болгондугун элдин көпчүлүгү билишпейт. Чын эле Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Калыйбек жашынан Самарканддагы туугандарына кетип, ошолордун арасында жашап, иштеп өткөндүгү такталган чындык. Иниси президент болгондо Бишкектен үй, Ысык-Көлдүн жээгинен коттедж сунуш кылса да “сөөгүм бабаларымдын киндик кандары тамган жерде калсын” деп келген эмес.

Эмне үчүн ал ата тегин ушинтип дайыма алмаштырып, чаташтырып айтып келген?

Анын бир эле сыры бар, конкреттүү жагдайдагы конкреттүү кызыкчылыгына жараша ал ата тегин өзгөртүп айтып , ал аркылуу пайда табууну гана көздөчү. Ачыгын айтканда, ал ыкма менен көп эле пайда тапты. Чүйлүк солтолугунун аркасы менен Т.Кошоев менен Ж. Рүстенбековдун колдоолоруна ээ болуп, жаш жигит үчүн трамплин болуп бере алгыдай кызматтарда жүрдү. Кытаймын деп адегенде Ашым Жакыпбековдун, анан ал аркылуу Ч.Айтматовдун колтуктарына кирип, “Глупые утёнки”, “Лунная ведьма” (бул чыгармалардын аталыштары эле АШАнын психикалык өзгөчөлүгүнөн кабар берип турат) деген эки брошюрканы которуп чыгаргандан башка оригиналдуу эч нерсе жаратпагандыгына карабастан Кыргызстан жазуучулар Союзунун катчылыгына шайланып, анын адабий фондун жетектеди. Эгерде 1989-1993-жылдардагы мезгилдик басылмалардагы ал жөнүндө чыккан материалдарды карасаңыз; “…менин аракетиме бөгөт болушпаса, бут тосушпаса адабий фонд өзүн гана эмес, бүт жазуучуларды багып кете тургандай кылат элем. Рамистей, Алмаштай дагы башка толуп жаткан таланттарыбызды бирөөлөрдүн көзүн каратпай колдойт элем” ( “КМ, 1993-ж., 23-июнь, № 24-25) дегендей маанилерде көп айткандыгын көрөсүз. Бирок, иш жүзүндө Союз таркап баратканда ал жактан жазуучулар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курууга бөлүнгөн, ошол убактагы реалдуу күчү 60 миллион долларга барабар 50 миллион рублди менчиктеп, ага бир нече заводду сатып, ал эми фондго караштуу жазуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйүн менчиктештирип алып, убадаларына теңирден тескери иш кылып, жазуучулардын баардыгын көчөгө чыгарып таштаган. Акаев ал акчаны жазуучуларга кайра өндүрүп берүүгө аракет кыла баштаганда өзүн куугунтук жеген демократ катарында жарыялап, Түркияга качып кетип калган. Аксы окуясынан кийин ал жактан келип, түз эле демократтардын лидерлеринин бири болуп чыккан. Анткени, анда акча көп болгондуктан тегерек үстөлдөрдү, митингдерди, пикеттерди каржылап турган. Ал эми биринчи элдик революциядан кийин өзүн “ичкиликтердин тейитиненмин” дей баштаган. Анткени, анда ыкыбалы жүрүшө баштаган Курманбек Бакиев да тейит болчу.

Бакиев да толук чындыкты айткан эмес

К. Бакиев Белоруссияда жүрүп чыгарган китептеринин биринде; “бир жолу мен өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, — өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка эптеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал — Алмаз Атамбаев болчу. Ал КРнын премьер-министри болуп 7 ай иштеди. …бул адамдан абдан жаман таасир калды… ал жумушка өз учурунда келбей, каалаганда кетип калып жүрдү. Кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырып алды” деп келип, мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн М.Садыркулов экөөсү аны соо кезинде кармай албай кыйналышкандыгын айткан. Бирок, калыстык, адилеттүүлүк үчүн Бакиев — “экөөбүз тең тейитпиз, тууганбыз, бирге иштешели”- деп оппозициядагыларды жамандап бара берип, акырында аны ийитип, премьер-министрлик орун үчүн ээрчишип жүргөн өнөктөштөрүн бир күндө кандай сатып жиберсе, өзүн да ыгы келгенде ошондой кылып сатып кеткендигин да кошумчалай кетсе, чындыкка толук ылайык келмек.

АША теги өзбек экендигин кыйытып, Өзбекстандын ошол убактагы президенти Ислам Каримовдун колдоосуна ээ болууга аракет кылды эле, бирок анын өйдө-төмөн сүйлөгөн, саясий маданият, этика дегенди билбеген “жаңы туугандуу” болгусу келбеди. Ага ызаланган АША аны жамандаганга өттү, ал өлгөндө барбай да койду.

Атамбаевдин премьерлик кезинде келтирген зыяндары

“Эшегине жараша — тушагы”, “Ар кандай эл — өзүнө татыктуу бийликти тандайт” дегенде калет жок. Элибиздин алабармандыгынан, эки төңкөрүштүн башында тургандардын кылмышка тете жоопкерсиздиктеринен, элди эмес, өз пайдаларын гана ойлошкон карөзгөйлүктөрүнөн улам дарты акыркы стадиясына жетип, дарылаганга да мүмкүн болбой калган хроникалык алкоголик, алдамчы, ыманын жеген жалганчы аферист Алмаз Атамбаев эки жолу премьер-министр, алты жыл президент болду. Биринчи премьерлигинде ал Жогорку Кеңешке “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам долбоорун алып келгенде депутаттар катуу сынга алышып, өткөрбөй коюшкан. Ал ошол убакта Кытайлыктарга лицензия аркылуу Иштамберди алтын кенин кол акысы үчүн бекерге берип жибергендиги кийин ачыкка чыкты. Көрсө, ал айрым кытайлык компаниялар менен ошондо эле тымызындан кызматташып, алардын кызыкчылыктарына сүрөмөчү болуп келген экен. Анда да жасалма документтер аркылуу элди алдаган. Иштамберди кенинде алтындын чыныгы кору 80 тоннага жакын болсо, ал бекиткен расмий документтерде 20 тонна деп көрсөтүлгөн. Бекболот Талгарбековдун ырастоосунда, ал үчүн кытайлык тийиштүү компания Атамбаевге бир нече миллион доллар пара бериптир.

Жерүй алтын кенин да ошондой жол менен жең ичинен сатып жиберүүгө аракет кылып, Таласка барганда андагы жаштар Атамбаевди таш бараңга алып кайра куушкандыгын жакшы билебиз. Ошондон бери ал бир кезде өзү теги Таластык болуп жүргөндүгүнө карабастан таластыктарды жаман көрөт. Бир ары жок, Манастын арбагы ургур таластык “Атамбаев айткандар “Манаста” бар” дегени үчүн аны вице-премьер министр кылып да алып жүрдү. “Энесинин тонун сатып абийир тапкандар” деген ушул болот.

Экинчи жолу премьер-министр болуп келгенде президент болуп шайлануу үчүн “Мегакомдун” кийинки жылда төлөнүүчү салыгынын эсебинен 700 миллион сомду котортуп, мугалимдердин айлык акыларын көтөрдү. Муну келечектин эсебинен жашоо, кийинки жылдын бюджетине кол салгандык деп коёт. Ошол жылы “мен бюджетти 4 млрд. сомдук профицит менен жапканы жатам” деп мактанды эле, иш жүзүндө дефицит 16 млрд. сомду түздү. Айлантуудагы акчалары жок болуп, ири жетишпестик чыккандыгынын айынан “Мегакомдун” жетекчилери камалышты. Кийинки жылы алган карыздын орду толбой калып, минфиндегилер ар кандай шылтоолорду ойлоп таап, мугалимдердин көпчүлүгүнүн айлыктарын кайра кыскартанга аргасыз болушту. Муну алдамчы аферисттик дегенден башка кандай сөз менен атоо керек?
2010-жылдын июнундагы коогалаңдарда кыйрагандарды калыбына келтирип, жаңыларын куруу үчүн ар кандай булактардан тартылган 11 млрд. сомдой ири суммадагы жетишпестиктер, уурдоо фактылары ачыкка чыкканда аны сотко өткөздүрбөй жаптырып салды. Анткени, ал дирекцияны жетектеген өзүнүн эски досу, азыр абакта жаткан, кийинки афёраларда да кереги тийген Жантөрө Сатыбалдиев деген инсан болчу.

“Миң жылда бир келчү апаат”

Азыр түрмөдө жаткан Бекболот Талгарбеков өзүнүн макалаларында Алмазбек Атамбаевди кыргызга миң жылда бир келчү апаатка салыштырган. Ал ошентип жаза, айта берип, акырында камалып тынды. Бирок, анын айткандарында чындык болгондугун турмуш ырастады. Атамбаевдин премьерлик, президенттик бийлик убактары кыргыз эли үчүн чын эле апаат болду. Айрымдарын жогоруда айттык, президент болуп турганда анын үй бүлөсүнүн контрабандалык баалуу жүктөрү салынган учак Дача-СУда кулап, кыркка жакын адам набыт кетти. Түркиянын тийиштүү кызматтары ага чейин Гонконгдон Кыргызстанга контрабандалык баалуу жүктөр менен 52 авиакаттам келгендигин маалымдашты. Бирок, Кыргызстандын атайын кызматтары ушул убакка чейин ал маалыматтарды иликтебей, укуктук бир жыйынтыктарды чыгарбай жатышкандыктары өкүндүрөт.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштердей кыянаттыктарды бизге элдешкис душман гана жасамак. Тажикстан менен Армения 250-282 млн. долларга кубаттуулуктары 250 мегаваттка барабар жаңы ТЭЦтерди курушса, ал эми биз 386 миллион долларга аракеттеги ТЭЦтин 30 пайызын гана оңдоп, жаңыласак, бул-кыянаттык, душмандык эмей эмне? Ага Улуттук тарых музейин оңдоодогу, Датка-Кемин чубалгысын, альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолун куруудагы ж.б. эксперттер айтып жаткан коррупциялык болжолдуу суммалар кошулса, АШАнын Кыргызстанга түз түрдө 1 миллиард доллардай зыян келтиргендиги ачык болот. Бул бир жылдык бюджеттин жармысынан ашыгы. Ал эми кыйыр түрдө келтирген зыяндарычы?

Атамбаев 2011-жылы президенттикке талапкер болуп жатканда төмөндөгүлөрдү убада кылган:

1. Нарынга жаңы ГЭСтерди куруу.
2. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо.
3. Каркыраны кайрып алуу.
4. КРнын паспортундагы “улуту” деген графаны алдырып салуу.
Булардан жаңы үлгүдөгү паспорттон “улуту” деген графанын алынып салынгандыгынан башкасы аткарылган жок. Ал алты жыл бийликте турган кезде республикада негизги экономикалык, финансылык көрсөткүчтөр боюнча Бакиевдин тушундагы беш жылдын ичинде аткарылгандардын жарымынча да өсүш болбоду. Ишенбесеңиздер статкомдун маалыматтарын караңыздар. Мурда энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды Ширшов көзөмөлдөп келсе, азыр анын Сейтек, Сейит деген балдары көзөмөлдөп, элдин эсебинен миллиондогон долларларды шыпырып жатышат. Аларга азыркы бийликтин колдору жете элек. Буларды апаат дебесек эмнени апаат дейбиз?

Тилекке каршы, Кыргызстанды ажыдаардай соруп, кылымдык зыяндарды келтирген ыймансыз мунафык (арак ичип алып мечитке барган, намаз окуган, кудайдан жөө качкан дегенди билдирет) АША кылы кыйшайбай, анда-санда дагы бир төңкөрүш жасаймын, Сооронбайга көрсөтөмүн деп коюп, ар кандай кутумдуктарды пландаштырып уюгунда өңүтүн күтүп бекинип жатат. Ооба, ал акыркы отуз жылдан бери уурдоо, талоо менен менен жашап келатат, ага ал биротоло көнүп калган, анын өзүндөй банктардагы ячейкаларды тазалаганды, бирөөлөрдүкүн тартып алганды, пара алганды жакшы өздөштүргөн ыймансыз достору бар. Алар анабашчысы менен эркиндикте жүргөндө Кыргызстан үчүнчү төңкөрүш коркунучунан арылбайт, эл тынч жашай албайт. Элдин канын соргонго көнгөн жылаандардын уюгу укуктук жол менен толук талкаланышы керек!

Булак: «Учур» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу