Кыргыздын «рафаэллосу» аталган курут тууралуу кызыктар.

Кыргыздын «рафаэллосу» аталган курут Орто Азия элдеринин арасында өзгөчө азык катары саналат. Тамшанткан даам өтөсүнө чыгуу үчүн ага тузду кемитпей кошуу керек. Чет өлкөдөн келген туристтер куруттун курамына кызыгып көп сурашат экен. Биздин «рафаэллонун» акыркы жылдары кандай түрлөрү жасала баштаганын Суусамыр жайлоосун жайлап, туристтерге кызмат көрсөткөн Малина Бөкөмбаева айтып берет.

«Курут деген жакшы нерсе да. Балдардын эрмеги. Антейин десең чоң кичине дебей тамшанып жеп, буйрук менен жасаткандар да бар. Чет өлкөдө туугандары барлар килограммдап алып кетишет. Биягы Орусиядан башка өлкөлөргө чейин жетет биздин курут».

Курут жасоо үчүн атайын деле даярдыктын кереги жок. Уйдун сүтүнөн уютулган айранды чыпка сымал суу өткөргөн баштыкка куят. Болжол менен 2-3 күндүн ичинде суусу зарыгып, сүзмө даяр болот. Аны идишке салып, татымына жараша туз кошуп, түрдүү формага келтирип, күнгө жайып коюу жетиштүү.

Бул жалпыбыз билген жана жеп жүргөн салттуу курут. Ал эми бир көргөндө күмөн жараткан күрөң, кызыл, таргыл куруттарга эмне кошулат?

«Негизи мен куруттун көп түрүн жасайм. Силер айтып жаткан куруттарга талкан, чөбөгө, кызыл калемпир, мурч жана башка нерселер кошулган. Кимге кайсы даам жакса тандап алып кете беришет. Туз менен кошо эле керектүү азыктарды татымына жараша кошуп, мыкчып, түрдүү формага келтирип, күнгө жайып коёбуз», — дейт Малина Бөкөмбаева.

Күнгө жайылган куруттар тоборсугандан кийин какшытып ысыкка таштап койбой чогултуп алуу керек. Эң башкысы бири бирине жабышып, формасы бузулбашы керек. Эгерде күнгө кактап 2-3 күн жайып салса, биринчиден майы эрип тактайга сиңип кетет. Экинчиден күнгө какшып, даамы бузулуп калат. Үчүнчүдөн таштай катып, тиш өтпөй да калат. Ошондуктан өтө кургай электе чогултуп алып, баштыкка салып туруп көлөкөгө илип коюу керек.

Баса, сүзмө жасоо учурунда дагы айран куюлган баштыкты колдон келишинче жабык жана көлөкөлүү жайга илүү кажет. Ачык жерде турганда чаң жугат, күн тийсе сырты катып кетет дагы, айрандын суусу чыкпай, ичиндеги айран ачып-кычып кетет. Башттыктын сыртына туруп калган кеберди кырып коюуп туруш керек экенин да эске алыңыздар. Кебер сүзмөнүн даамын жана жытын бузат.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу