КЫРГЫЗДЫН ГИННЕС КИТЕБИ: “2007-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДА 5 ЖОЛУ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЛМАШКАН”

Эң..эң…эң…

• Эң көп аял алган кыргыз айтылуу Барпы акын (Алыкулов) болгон дешет. Элдин айтымында анын нике кыйдырып алган аялдарынын саны эле 20дан ашкан. Андан кийинки көп аял алган Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракманов) болгон экен. Ал киши 19 жолу төшөк жаңыртыптыр.

• Көзү тирүүсүндө эң көп небере­чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

• Азыркы учурдагы эң көп небере­чөбүрөлүү адам Өмүрзак уулу Муканбетсабыр. Ал 1999­ж. 99га чыккан. Байбичеси Бүкөш 83тө. Алардын 8 баласы, 57 небереси, 17 чөбүрөсү бар. Нарын облусунун Солтон­Сары жайлоосунда жашайт. Ал эми атбашылык Сайра Атаева 1999­ж. 119га чыккан. Анын 43 небереси, 99 чөбөрөсү, 22 кыбырасы бар.

• Жазуучулар менен артистерден эң көп балалуу болгондор: акын Салибай Шатманов-11, артист-Орозбек Кутманалиев 10 баланын атасы.

• Эң интернационалдуу үй­-бүлө Нарын шаарынын тургуну Жаманов Окоштуку, анын 5 келини 5 улуттун өкүлү. Ал эми алгачкы кыргыз тилчилеринин бири, репрессиядан көп жапа чеккен Аскар Ыдырысовдун кызы Роза Ыдырысованын апасы Зайнаптын атасы казак, апасы татар болгон. Ал эми улуу кызы өзбекке, үчүнчү кызы грузинге турмушка чыккан, бир уулу оруска, дагы бир уулу корей кызга үйлөнгөн.

• Эң көп буту-колу бар бала Кыргызстанда 1998­-ж. төрөлгөн. Башкача айтканда 1998-­ж. июлда Базар-Коргон райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө Көкалма айылынан келген Каныкей Сатымбаева медициналык практикада кездешүүчү сиам эгиз кыздарын төрөгөн. Төрөт операция жолу менен болгон. Эгиздердин 2 башы, 4 колу, 4 буту, ал эми калган органдары бирден эле болгон. Кыздар өлүү төрөлгөн.

• Эң көп депутат болгондор: Турдакун Усубалиев СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине 28 жыл бою депутат болгон. КР Жогорку Кеңешине депутат болуп 1992, 1995, 2000-­жылдары да шайланган. Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Советине удаасы менен 9 жолу депутат болуп шайланган. Андан кийинки орун Жамин Акималиевге таандык. Ал удаасы менен 7 чакырылыштын депутаты болгон.

• Эмгек Кызыл Туу ордени менен эң көп жолу (4 ирет) сыйланган — Кадыркул Качкеев (1905-2001). Ал Москвада СССР Министрлер Советинин алдындагы Кыргыз Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн милдетин 17 жыл аткарып, эң узак элчи болгон.

• Эң көп тил билген кыргыз – жазуучу Турусбек Мадылбай. 30дай тил билет. Алар: түрк, өзбек, казак, англис, француз, немис, испан, итальян, португал, андан сырткары “жансыз тилдер” деп аталган санскрит, авеста, латын, жаканий, байыркы түрк, эски славян ж.б. Кыргызча жазат. Чыгармаларын орус, англис, немис тилдерине өзү которот. Анын “Күкүнүс” деген романы Россиянын “Русская премия” деген сыйлыгына татыган. Ал эми Италияда жашаган Цицерон Козубеков Улан (акробат машыктыргыч Светлана Козубекованын уулу, 20да, 2000­-ж.) кыргыз, испан, француз, англис, немис, италян, орус тилдерин билет. Дениза Балтабаева (1980-­ж.т.) деген кызыбыз кыргыз, орус, англис, француз, япон, испан тилдерин билет. Эрте жетилген көп кырдуу талант дагы. 3 жашынан окуган. 5 жашынан гитара, фортопиано ойногонду үйрөнгөн, ырдайт, вокалист, сүрөтчү (комикс түзөт), бизнести башкаруу адистиги боюнча Токиодо окуган (2000).

• Комуз күүлөрүн таржымалы менен эң көп билген комузчу – Нурак Абдрахманов. Ал 170 күүнү жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.

• Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапты аткара билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксафон ж.б.). Ал тил билүү боюнча да рекордсмен (14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.

• Эң көп окумуштуу чыккан айыл — Ысыккөл районунун Бостери айылы. Бул айылдан 15 илим доктору, 40тан ашык илим кандидаты чыгыптыр. Окумуштуулар династиясынын көптүгү боюнча да бул айыл рекордду бербейт. Алсак Мамытов, Абдылдаев, Айтуганов, Исаев, Султаналиевдер тукумунан чыккан илим адамдары арбын.

• Эң көп атактуу адамдар Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айыл өкмөтүнөн (Сары-Камыш, Тору-Айгыр, Чырпыкты) чыгыптыр. Мында Сагымбай Орозбаков, Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо, Чалагыз Иманкулов, Молдогазы Токобаев, Касым Тыныстанов, Иса Ахунбаев, Чабалдай Жаныбеков, Абдылда Миңжылкив, Кыялбек Урманбетов, Жеңишгүл Өзбекова, Асылбек Өзүбеков, Орозбек Айтымбетов ж.б. киндик каны тамган.

• Эң көп китептүү өздүк китепкананын ээси — акын Эсентур Кылычев. Китеп ышкыбоздорунун айтымында үч бөлмөлүү үйү ирегесинен баштап китепке жык толгон. Мында сейрек кездешүүчү мыкты китептер арбын. Санын өзү да так билбейт.

• Эң көп китеп окуган кыргыздардан чыккан алгачкы энциклопедиялык билимдүү дипломсуз илимпоз, алгачкы агартуучулардын бири Талып Байболот уулу (1849-1949). Өзүнүн айтуусунда 14 миң 700дөн ашык китеп окуптур.

• Ы. Таранчиев АН-2 самолёту менен 1471 жолу өз алдынча учкан.

• Эң көп ардактуу атуул наамына арзыган полковник Шейшенбек Байзаков. Ал Баткен окуясынан кийин элге сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргызстандын Баткен, Лейлек, Чоң-Алай, Кадамжай, Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Исфара райондорунун ардактуу атуулу наамы берилген.

• Кыргыз министрлеринин тарыхында 1-жолу Роза Отунбаева бир эле – КР Тышкы иштер министрлигине 3 жолу дайындалыптыр (СССР учурунда, 1992-ж. жана 1994 – 97-ж.).

• Эң көп премьер-минстр иштеген жыл – 2007-ж. Жыл башында Ф.Кулов, 2 ай А.Исабеков, 8 А.Атамбаев, жыл агында И.Айдаралиев (милдетин аткаруучу) иштесе, жуп жаңы жыл алдында И.Чудинов премьер-министрлик креслого отурган.

• Көптөгөн чет элдик академияларга, университеттерге академик, профессор болуп шайлануу боюнча рекордду Ч. Айтматов, А.Акаев койгон.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу