КЫРГЫЗДЫН ГИННЕС КИТЕБИ: КЫРГЫЗ ЖАЗУУСУ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУН БИЛЕСИЗБИ?

Жакында эле “Кыргыздын гиннес китебин” жазган акын, жазуучу, котормочу Ысмайыл Кадыров менен маек куруп, анын аталган китебин сайтыбызга жарыялап туруу уруксатын алганбыз. Мындан ары Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат ала аласыздар.

 

Кыргыз жазуусу

 

Чулу таштарга, аска бетине чегилген байыркы руна жазуусу (Орхон­Энесай алфавити) 6-7­кк. пайда болуп, 10-12­кк. чейин колдонулган. Мындай эстеликтер Энесай, Саян, Тува, Монголия, Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Ал жазууларды биринчи жолу 1893­ж. даниялык илимпоз В. Томсен (1842-1927) жана орус түркологу В. Радлов (1837-1918) окуган. Бул эстеликтердин кыргыздарга таандык экендигин айтышкан алгачкы окумуштуулар В.Радлов, В.Томсен жана орус тилчиси, түрк тилдерин изилдөөчү С.Е. Малов (1880-1937) болгон. Малов “Енисейлик түрктөрдүн жазуусу” деген эмгегинде “5­кылымдагы енисейлик жазуу эстеликтеринин тили — байыркы кыргыздардын тили” деп аныктаган. Бул эстеликтерди изилдөөгө башоту менен киришкен алгачкы кыргыз окумуштуусу — Четин Жумагулов. Анын эсеби боюнча Кыргызстандын аймагынан акыркы 100 жыл ичинде 20 руна жазуусу табылган.

 

1929-жылы 29-ноябрда кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине 1930-жылдын 1-январынан тартып өткөрүү боюнча Кыргыз АССР БАКынын Президиуму чечим кабыл алган.

 

1941-жылы 31-январда латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине (кириллицага) которуу жөнүндөгү мыйзам чыккан.

 

Илимпоз-түрколог Четин Жумагулов 1975-жылы Кегети аймагынан айдоодогу топуракка көмүлүп калган эки эстелик таш таап, алардын сүрөттөлүшүн берип, араб тамгасында чегилген жазууларын чечмелеп окуп, “Эпиграфика Киргизии-2” аттуу китебине жарыялаган. Бул эстелик кимге арналып коюлгандыгын жазуу жүзүндө баяндап көрсөткөн 19-кылымдагы эң алгачкы эстеликтерден болуп эсептелет. Анын бири Муратаалы бийге тиешелүү.

 

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу