«Кыргызаэронавигация» башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Нурлан Кайназаров «Азаттыкка» билдиргендей, окуяга шектүү эки киши кармалды:

— Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси («Ден соолукка атайлап оор жаракат келтирүү») менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маматназар Жакыпбеков 21-октябрда Бишкекте айдоочулардын жаңжалынан каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, анын машинеси дагы бир автоунаа менен кагылышып, айдоочулар уруша кетишкен. Жакыпбеков башы менен жерге катуу тийип, алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан. Экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканы маалымдалды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу