“Кыргызалтынды” тоногондор кармалды

Нарында «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун кампасынан алтын кенин
тоногон жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июлдун түнүндө Эмгекчил
айылынын 30-40тай тургундары кампадан курамында
алтыны бар кенди каптарга салып, унааларга жүктөп
кетүүгө аракет жасашкан. Аталган факт боюнча
кылмыш иши козголуп, Эмгекчил айылынын 23
жашоочусу кармалып милицияга алынып келинди.
Буга чейин мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу
максатында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому,
жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мекеменин аймагын
кайтарууга милиция кызматкерлерин күзөткө коюу чечимин кабыл алышкан.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу