Кылычтын аргументтери суу кечпей калабы, же…

Бираз акылга салып карасак Кореядагы элчи Кылыч Султандын аргументтеринде чындыктын “элементи” бардай туюлат.

Эгерде “капка” катылган шибегенин учунда фактылар илинбеген болсо кара жанын карч уруп чамынбайт эле да? Бир нерсенин жыты каңылжаарын жарган соң ишке киришкен шекилди. Ал маалыматын алгач тийиштүү жерлерге жибергенин, таптакыр чыдамы кеткенде ажого кайрылуу жасаганын айтты го? Негизи ТИМ деги былыктар эбак бышып жетилип калганы калп эместир? Биротоло сазга айланган жерде бакалар чардап кетээри айныксыз.

Ишти ачык жүргүзүү үчүн өзүн, тышкы иштер министри Э. Абдылдаевди, президенттин аппарат жетекчиси Д. Эсеналиевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча сунушун да президентке жолдоду. Мындан кандай жыйынтык чыгарыларына коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эгерде арам ишти адал жол менен үстүгө калпып чыгарууга бийлик даяр болсо түз кадам жасашары белгилүү. Жок, андайга барбаса Кылычтын сунган кылычы элчинин “мойнун” кесип түшүү менен аяктайт. Ортодо Султан тигинин арыгын чаап жатат, акчага азгырылып кетти деген кептердин аягына түзүлгөн комиссия (эгер түзүлсө) гана чекит койот десек болот.

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу