Кылычбек Султан: Президентке жолугуп, кечирим деле сурамакмын

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан экс-президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин 2 жолу жолуккан. Андагы сөз парламент жөнүндө болгонун өзү “Маралга” берген маегинде билдирди.

Экинчи жолу болгон жолугушуудан мурун айрым саясатчылар Атамбаев менен жолукпай коюусун, эмесе “кара тизмеге” кирип калуусу мүмкүн экенин эскертишкен. Ал өз сөзүндө экс-президент менен дагы жолугушуусу мүмкүн экенин айтты.

-Азыр эңсегеним Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу. Себеби менде айрым адамдар “президентти туура эмес жакка түрттү” деген түшүнүк бар. Мени кызматка Жээнбеков дайындаган. Мен ага жолугуп, эмоция менен айткан сөздөрүм үчүн керек болсо кечирим деле сурамакмын,-деди Кылычбек Султан.

Эскерте кетсек, Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде Кылычбек Султан бийликтен кечирим сурашы мүмкүн экенин айткан болчу.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу