Кылычбек Султанов неге былгытып атат?

Адегенде эркин басылмалардын биринде гезитти жасалгалоо иштерин жасап жүрүп, кийин жалаң кроссворддордон турган «Супер-инфо» гезитин түптөп, кийинчерээк аны шоу-бизнестин, саясаттын гезитине айланткан Кылычбек Султановду тааныйт эмеспизби? Гезити өтүмдүү болуп, анын арты менен капчыгы калыңдап, анан акырындык менен саясатка баш бага баштаган. Адегенде «Ата-Мекен» партиясынын этегин кармап, Социалдык өнүктүрүү министри да боло калган. Ал жумуш колунан келбегенден улам, кийин Малайзияга элчи болуп кеткен. Текебаевди каратып туруп сатып, Атамбаевдин колтугуна корголоп алганын да жакшы билебиз. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын Кореядагы элчиси. Бирок, ошондо дагы өзүнүн «Супер-инфо» гезити жана басылманын интернет сайты аркылуу тымызын былгытма саясатын жүргүзүп келет. Мисалы, жакында эле президент С. Жээнбековдун Талас облусуна жасаган сапарында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун, кыргыздын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмерлери Т. Усубалиев, А. Масалиевдердин убагында ак батасын алганын, ошонун аркасы менен бүгүнкү даражага жетип турганын айткан эле. Мына ушундан анын өөн издеп, тили менен какылыктаган А. Мадумаров сыяктуу саясатчылардан комментарий алып, «С. Жээнбеков А. Атамбаевдин колдоосу менен гана президент болуп калды» деген сыяктуу пикир жаратууну көздөгөнү байкалды. «Шералынын чокою» боюнча окуя жарашпаса да аны азыркы кырдаалга шылтаганы кандай? Бул аракети менен К. Султанов тымызын А. Атамбаевдин камчысын чаап атканын далилдеп алды. Эгерде ал оппозициялык маанайдагы саясатчы болсо, анда ээлеп турган кызматын бошотуп, биротоло бир жээкке кеткени туура эмеспи? Же бир убакта АША айтмакчы «талтайып» тура береби? Антип көпкө тура албайт го.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу