Кылмышка шектелген адамдын министр болуп калышынын сыры эмнеде?

– Космосбек Сариевич, сиз министр болуп келгенден бери саламаттыкты сактоо тармагында нааразычылык күч алды. Себебин түшүндүрүп бере аласызбы? Сиз министр болуп дайындалып жатканда Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын СИЗОсунда 3 ай жатып чыкканыңызга кызыгышты эле. Кылмышка шектелген адамдын министр болуп калышынын сыры эмнеде? Өлкөдө тез жардам медициналык машиналары жок болуп мукурап турса, сиз саламаттыкты сактоо тармагына берилген грантка 80-90 миң долларлык эки жол тандабас машина алып алганга кантип бетиңиз чыдады? Жоопкерчиликтүү кызматка барып алып, элдин саламаттыгына караганда жеке керт башыңыздын кызыкчылыгын жогору койгонуңуз акмакчылык эмеспи? Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо маянаны 26 миң сомго көтөрүү туурасында айткан убадасын эске салып, врачтардын айлыгын көтөрдүк деп жар салды. Сыр болбосо канча сомго көбөйдү? Врачтар президент убада кылган 26 миң айлык алып башташтыбы? Кошомат кылбай, жаап-жашырбай чынын айта аласызбы? Дары-дармек тармагындагы гүлдөгөн коррупциянын башында сизди турат деген кептердин канчалык чындыгы бар?

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу