КЫЗ КАЙСЫ АЙДА ТӨРӨЛСӨ, МҮНӨЗҮ ДАГЫ ОШОНДОЙ БОЛОТ

Кантип экени белгисиз, бирок бир айда төрөлгөн адамдардын мүнөзү окшош болот экен.
Биз төрөлгөн айы бир болгон кыздардын эмне окшоштугу бар экенин изилдеп көрдүк.
Жыйынтыгы төмөндө:

Январь

Январда төрөлгөн кыздар өзгөчө дымактуу (бой көтөргөн) болушат, бирок
ошол эле учурда оор басырыктуу, кээде эски көз караштардын жактоочусу
болушат. Алар өзгөчө сынчы болушу мүмкүн, ошентсе да, өз сезимдери
тууралуу айта беришпейт. Алар жанына, интелектуалдык денгээли бирдей
жана окшош көз караштагы адамдарды гана жакындатышат.

Февраль

Февралда төрөлгөн айымдар – романтикалык натуралар болушат. Аларга
кайрылган адамда чыдамкайлык мүнөзү болуш керек. Маанайы бат-бат
алмашып тургандыктан, аларды көп адам түшүнө бербейт. Алар табияттан
абстрактуу ойлонуу ыкмасына ээ. Башкысы: эгер аларга чыккынчылык кылсаң,
экинчи көрбөйсүң.

Март

Мартта төрөлгөндөр – оңой менен бирөөнү сүйбөгөн, ишенимдүү жана
берилген натуралар. Сен аны таарынтып алганча татынакай жана сүйкүмдүү
болушат. Баары бир – мартта төрөлгөн адамдын жанында жашаш өзгөчө
бакыт.

Апрель

Апрелде, адам менен бат тил табышкан дипломат айымдар төрөлөт. Бирок,
алар ушунчалык кызганчаак болушат, ошондуктан, эгер алардын ишениминен
чыксаң, өзүн эле тынч кетип калганың жакшы. Ошол эле кезде, апрелде
төрөлгөн айым сени Жер жүзүндөгү эң бактылуу адамга айлантышы мүмкүн.
Алар ишенимин актай алган адамга гана ачылышат

Май

Май – принциптер менен жашаган айымдардын айы. Алар өтө жагымдуу
болушат, бирок көбүнүн мүнөзү оор болот. Ошондуктан, майда төрөлгөн
айымды сүйүп калган жигитти оорчулуктар күтөт. Эгер “майдык” айым менен
качандыр бир кезде мамиле курган болсоң, аны эч качан унутпайсың. Эч
качан!

Июнь

Ынтызар, мамилечил жана чыгырмачыл – бул үч мүнөз июнда төрөлгөндөргө
таандык. Эң башкы көйгөй – алар биринчи айтышат, ана ойлонушат. Бирок
алар чындыкты артына эмес, бетине айтышат. Айтмакчы, эркектер абайлаш
керек, алардын кичинекей колунда оюнчугу болуп калыштан.

Июль

Жайдын чок ортосунда төрөлгөн айымдар – чынчыл, сулуу, табышмактуу жана
абдан акылдуу болушат. Алар конфликти жактырышпайт жана баары менен
чынчыл мамиледе болушат. Аларды бир жолу алдасаң, жоготтуң дей бер.
Унутпа!

Августь

Августта төрөлгөндөр, эгоизм менен боорукерликти айкаштырышат. Аны
менен урушуп кереги жок, качандыр бир кезде баары бир жеңет. Августтун
айымдары өзгөчө шайыр келишет, бирок аны тамашаласаң көтөрө албайт.
Эгер мындай каталык кетирсең, жооп кайдан келгенин билбей каласың. Алар
көңүл ордонунда болгонду жактырышат, бирок эркектин жетишсиздиги менен
эч качан жапа чекпейт. Алардын жанында эркектер башын жоготуп коюшат.

Сентябрь

Бул ай тартиптүү, ыймандуу жана боорукер айымдардын айы. Эч качан
чыккынчыларды кечирбейт. Эгер аны капа кылсаң, өч алуудан кайтпайт. Алар
узун убакыттагы мамилени тандашат, бир күндүктү – эч качан. Ошондой эле
алардын эркекке болгон суроо-талабы эң жогору. Татыктуулар гана калат
дегендей.

Октябрь

Октябрь кыздары мүнөзү күчтүу жана акылдуу келишет, бирок публикага
жабык болушат. Жан дүйнөсүн баарына эле ача бербейт, ал жагын булгап
алуудан коркот. Октябрда төрөлгөн айымдарды башка айымдар ич күйдүлүк
кылып, жактырышпайт.

Ноябрь

Бул айымдар баарынан бир кадам алдыда жүрүшөт жана калпты оңой эле
билип коюшат. Алар менен ойнобо – бул от менен ойногонго барабар. Бул
кыдар жөнүндө эң башкы билип алчу нерсе – алардын оюн эч качан сураба,
эгер чындыкты уккуң келсе.

Декабрь

Декабрда, чыдамсыз, бирок ийгиликтүү айымдар төрөлүшөт. Алар суудан
кантип кургак чыгышты билишет. Көңүлдү кантип көтөрүштү билишет жана
жүрөгү дайым башкаларга ачык. Турмуш аларды ар кандай калчайт, бирок,
колдоочусу бардай, дайым жеңип чыгат.

Булак: anan.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу