Кыз зордуктаган Камчыбек Жолдошбаев сүйлөбөй эле койбойбу!

Кечээ, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында кирди чыкты акылы бар Камчыбек Жолдошбаев деген депутат Болот Шерге асылып, «атын Шер деп алса эле, шер болуп калбайт, жаман иттин аты бөрү басар» -деп, тайыз деңгээлин көрсөтүп дөөрүдү. Эми, Камчыбек Жолдошбаевге келсек, ал убагында Бакиевдин бийлигинин тушунда Көмүр падышасы атка конгон Нурлан Мотуевден качып жүргөнү ушул күнгө чейин эл оозунда айтылып жүрөт. Эми, ошол коркок Жолдошбаев арсыз үн катып, Болот Шердин атын атап, аны күнөөлөп, айып койду. «2010-жылы Болот Шер милициялары менен көмүр тоногон»,-деп айып такты. Эми, койгон айыбын далилдеп берсин. Камчыбек Жолдошбаевдин зөөкүрлүгү көп жолу интернетке чыккан. Ал, «Беш Сары» соода борборунда иштеген кыздарды коркутуп, зордуктап, уруп сабаганын көбү билет. Бул кылыктары тууралуу убагында ММКларга жарыяланып, коомчулукта терс пикирлерди жараткан.  Ушундай адамдын Болот Шерге сын айтууга моралдык укугу бар беле? Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу