Кыз-жигит бири-бирине кандай суроолорду берүүлөрү керек?

Ар бир жигит менен кыздын кыялы – бактылуу үй-бүлө куруу, артынан из калтыра турган урпак тарбиялап өстүрүү. Ошондуктан эң башынан ойлонуп, туура чечим кабыл алган оң. Ал үчүн жигит менен кыз бири-бирин түшүнө билүүлөрү керек. Жашоого деген көз караштары менен максаттары, ниеттери бир болуусу тийиш. Эртеңки күнү тандоолоруна өкүнүп, калбаш үчүн экөө бири-бирине төмөндөгү суроолорду бергени оң:

Жигиттин кызга берген суроолору:

1. Аял киши башка эркектердин көзүнчө өзүн туура алып жүрүп, жабык кийинип жүрүш керек. Ага кандай карайсыз?

2. Эгер үй-бүлөдө кандайдыр бир кыйынчылык кездешсе (акча жетпей, кааалаган кийим менен тамак-ашты ала албайсаңыз) ага чыдай аласызбы?

3. Аял менен эркек киши сулуулук же байлыктары үчүн эмес, жан дүйнө сулуулугуна карап үйлөнүүлөрү керек дегенге кадай карайсыз?

4. Аял күйөөсүнүн айткандарын аткарып, ага багынуу керек дегенге көз карашыңыз кандай?

5. Жубайлардын ортосунда таарыныч, түшүнбөстүк болуп калса аны чечүүнүн жолдору кандай деп ойлойсуз?

6. Эгер адам өз катачылыгын түшүнүп, кечирим сураса оңой кечире аласызбы?

Кыздын жигитке койгон суроолору:

1. Эркек киши – үй-бүлөнүн камкорчусу, аялы менен балдарын материалдык жактан камсыз кылууга милдеттүүбү?

2. Күйөөсү аялына кол көтөрө алабы?

3. Аялдын жумуш иштөөсүнө кандай карайсыз?

4. Үй-бүлөдөгү иштер менен бала тарбиясы аялдын гана моюнундабы?

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу