Кыз ала кача коем деп 12 жылга кесилип кетти… Абак кызматкерлери менен маек

Голливуд тасмаларынан улам ар бирибиз түрмө деген эмне экенин жакшы билебиз. Кир табакта жарыбаган тамак, жабыла жанчышмай, анан албетте, жаңы келген жаштарды жалпылап зордуктоо да кездешет. Чыныгы жашоодо абак кандай болорун Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел Минбаева билип көрдү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы ыкчам башкармалыгынын жетекчи орун басары, подполковник Уланбек Бакирдинов жана анын кесиптеши, ага опер кызматкери Улукбек Артыков күн сайын абакка жумушка келишет.

Алардын башкы милдети — кылмышкерлерди мындай тайгак жолдон оолактоого ынандыруу. Кээде алар мүмкүн болбогон нерселерди да аткара алат, маселен, акыркы жылдарда дароо беш диний экстремистти шейит болуудан айныта алышкан.

Чоң эле кишиге катасын моюнга алдырып, түз жолго чындап түшүшүнө таасир этүүгө болобу? Менимче, адамдын беш секелекти зордуктап койгон соң катуу өкүнгөнү кинодо гана кездешсе керек…

Бакирдинов: Коомчулук негедир түрмөдө киши өлтүргүчтөр жана зордукчулар гана отурат деп ойлойт. Албетте, эч оңолбогон, уурулар мыйзамы менен жашап, кылмышты кайталап жасагандары да бар, бирок абактагылардын басымдуу бөлүгү — катачылык кетирип алган эле адамдар. Балким, жол кырсыгына күнөөлүүдүр, өзүн өзү коргоодо аша чапкан же майда уурулук кылган болушу мүмкүн.

Артыков: Бир ирет бизге кыз ала качууга катышкан киши түштү. Бул кылмышта ал болгону машиненин айдоочусу болгону үчүн 12 жылга кесилген. Үйлөнө турган жигит андан да көп мөөнөткө соттолгон. Бирок кылмышты баалоо — биздин иш эмес. Биздин вазыйпабыз – ал адамдар каталарын кайрадан кайталабай тургандай жолго салуу.

— Ишиңиздердин эң татаалы эмне?

Артыков: Террордук жана экстремисттик кылмыштары үчүн соттолгондор менен иштөө эң оор. Ашынган дин күйөрмандарына алардын аракеттери туура эмес экендигин тастыктап берүү мүмкүн эмес. Алардын башкы максаты — Алла ыраазычылыгы үчүн шейит болуу. Бизде ислам халифатын курууну көздөшөт.

Бакирдинов: Соңку жылдары андайлардын саны бир топ арбыды! Алар менен иштешебиз, муфтияттан адистерди тартып, баарлашабыз. Быйыл беш киши өз оюнан кайтты. Муну теледен да айтып чыгышты.

— Угушумча андай кылмышкерлер түрмөдөгү башка кишилерге да таасир эте алышат экен…

Артыков: Дал ошондуктан, президенттин буйругуна ылайык, алар былтыртан бери голливуддук блокбастердегидей эле атайын участок жана өзүнчө камерада кармалат.

— Башкалар камерада эмеспи?!

Артыков: Түрмө пионердик лагерди эске салат. Ичинде барак үйлөр, калганы окшош эле – таңда туруу, катарга тизилүү, кечинде жатууга буйрук алуу. Болгону балдардын ордунда – соттолгондор, ал эми пионер башчылары – биз.

— «Пионердик лагерде» азык маселеси кандай?

Бакирдинов: Камактагыларды ачка кармашат деген 90-жылдардан калган көндүм пикирлер дале жашайт. Алардын тамагында балык да, тоок эти да, нанга сүйкөгөн каймак майы да бар. Мисалга, түшкү тамакка эт шорпосу менен, котлет гарнири, нан, май, чайы менен берилет.

Артыков: Асел, ишенсеңиз, азыр эркиндикте жүргөндөрдүн баары эле мындай тамактана албайт. Ар бирине күнүнө 86 сомдон, ал эми кургак учук колониясындагыларга 100 сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Салыштыруу үчүн мисал келтирели, ушул эле колонияны кайтарган аскердин азыгына 60 сомдун айланасынданы гана акча каралган.

Азыркы тапта бир киши бар бул колонияда. Буга чейин да бир нече ирет отуруп чыккан. Бошогондон кийин кайра ошол эле уурулукту кылат да, милицияга өзү барып колго түшөт. Эмнеге дебейсиңерби, анткени, колония ал киши үчүн баш калкалаган, ысык тамак иче турган, түзүгүрөөк кийим ала турган бирден бир жай.

— А сиздер аларды иштетпейсиздерби?

Бакирдинов: Абактагы киши күнүнө 1,5 саат иштөөгө тийиш, жаза өтөгөн жердин аймагын тазалайт, балким, жашылдандырат. Калган убагын өздөрү каалагандай өткөрүшөт.

Маселен, бизде кыш чыгарган завод иштейт. Анда иштеп айына 4-10 миң сомго чейин табышат. Тилекке каршы, анда азыр жумуш орундары жетишпей, болгону соттолгондордун 10 пайызы гана иш менен камсыздалган.

— Сексуалдык зордуктоо көрүнүшү кездешпеген бир дагы түрмө жөнүндө тасма жок. Реалдуу жашоодо бул жагы кандай?

Артыков: Эми тасмалар ар кайсыны көрсөтө берет да, бизде азыр андай учур жок.

Бакирдинов: Абактагыларга атайын жолугушууларга уруксат бар. Кинодогудай нерсе жок!

Түрмөдөгүлөрдүн түшүнүгү боюнча натуура кадам жасагандарын кимдир бирөөлөрү жазалайт экен деген маалыматтарды алган учурларыбыз болот. Мисалы, бири экинчисин сөгүп коет, же бир оокатын уурдап алат. Бирок кандай болсо да, биз кийлигишип, кылмыштын алдын алабыз.

 

— Бизде балдар бешиктен бели чыга элек жатып, «уурулук романтикага» суктанышат эмеспи. Өспүрүмдөрдөн «көз салчуларды» дайындашат. Алар бир мектепти колго алат. Мындай адамдардын жолунун соңу эмне?

Артыков: Эң жакшы дегенде алар темир тор артына түшөт. Болбосо, колония тышында эле бири биринин өмүрүн кыйышат.

Бакирдинов: Көбү карылыкты сүрө албай калышат. Лидерлери азатта жарым же бир жыл, анан узак убакыт абакта күн өткөрөт. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү болгусу келгендерди ушундай гана тагдыр күтөт.

— Өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып жатасыздар деп айтууга болобу сиздерди?

Артыков: Бирөөнү өлтүргөн же зордуктаган адамдардын жанында күн сайын иш алпарабыз. Куралсыз жүрөбүз, колонияга куралчан келүүгө укугубуз жок. Абакты кайтаргандар гана автоматчан жүрбөсө, бизде эч нерсе жок. Биздин курал — кебибиз жана акылыбыз.

Бакирдинов: Элестетиңиз, миңдеген кылмышкер кармалган колонияда болгону 50 куралсыз кызматкер бир сутка жүрөт. “Сага көрсөтөм! Азатта досторум бар, сени таап алышат” деген кептерге көнүп деле бүткөм. Андай коркутууларга маани бербесем да, Кудайга шүгүр, жаман эч нерсе боло элек.

— Өзүңүздөргө бул иш жагабы?

Артыков: Соттолгондор менен иш алпаруу боюнча атайын билим алгам. Биздин аракеттерден улам катасын толук мойнуна алып, коомго оңолуп кайткандарды көргөндө кубанам. Абакка бошонгондордун алты пайызга жакыны гана кайтат.

Бакирдинов: Негизи мен космонавт болгум келчү, кийин аскердик кызматты тандап калдым. Азыркы алектенген ишибиз — башка аскер кызматкерлериникиндей эле жумуш. Биз сиздердин жай жашооңуздарды коргоп, кылмышкерлерди оолак тутабыз.

Sputnik редакциясы Кыргызстандын кылмыш-жаза аткаруу тутумунун бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт! Биз сиздерге ийгилик, карамагыңыздагылардын аң-сезимдүү болушун жана чың ден соолук каалайбыз!

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу