Эгерде сиз ата болуп, кызыңыз менен болгон мамиленин бекем болушун кааласаңыз, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз.
-Кызыңыздын эмне айтып жатканына ар дайым көңүл бөлүңүз. Анткени ал өз оюн айтып жатат
-Кызыңыздын сулуу экенин күнүгө айтып эскертип туруңуз
-Эч убакта кызыңызга добуш көтөрбөңүз. Эгерде, ага добуш көтөрүп алган болсоңуз, дароо кечирим сураңыз.
-Кызыңыз оюнчук каалап, сизден алып берүүнү сураса, анда анын кыялын сөзсүз орундатыңыз. Себеби, кыздын көңүлүн калтырган болбойт.
-Кызыңыз бой жетип калса дагы аны ар дайым кучагыңызга кысыңыз. Анткени кыз бала ар дайым ата мээримине муктаж.
-Кызыңыз ыйлап жатса, анын көңүлүн алам деп дароо шашпаңыз. Качан ал ыйлап бүткөн соң, жай отуруп сүйлөшкөнүңүз дурус.
-Эч качан “Апаң туура эмес айтып жатат”,- деп айтпаңыз. Баланын психикасына кичинесинен тарта “Биз” деген сөздү орнотуу керек. Биз деген чогуу, биргеликте чечим чыгаруу дегенди билдирет.
БУЛАК: zaman.kg