Кызыл омпол. Уран. Коркунуч.

СССРдин учурандагы бир фильмде карыган чукча уулдарына шайтаныдын сары металына жолобогула деп айтат. Себеби ал сары алтын ага жологондордун омурун алып кетет экен. Кумтөр алтын кени ушул күнгөчейин кандай чыр болуп келе атканы белгилүү. Эми буга кызыл омпол аймагынан казыла турган уран кенинин башталбай жатып эле чыккан чуусу кошулду. Бирин экин депутат, анан ушул тармакты тейлеген чиновниктер кендин казылышын колдой коем деп калайык калктын кыжырын кайнатышты. Себеби алар кебелбей туруп: “эч кандай коркунуч болбойт”- дегенди айтып жатышат. Бул бир кезде чернобылда авария болгондо эч кандай коркунуч жок деп ишендирүүнү аракет кылгандарга окшоп кетип атат. Бир кездерде Казакстандын Семипалатинскийдеги атомдук жардыруулардан улам, жергиликтүү калктын ден соолугуда, аймактын экологиясы да бузулгандыгын атактуу акын Олжас Сулейманов баш болуп айтып чыгышкан. Бизде андай окуя болбойт деп ким кепилдик бере алат? Биздин бийликке сырты байкалбаган, бирок өтө татаал маселени чечүүгө туура келүүдө. Өкмөт «Тоң районунун жана Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп туруу тапшырмасын берди». Бирок бул маселе проблема таптакыр чечилди дегенди билдирбейт. Коомчулук бул идеядан бийлик баш тартмайын коомчулуктун каршылыгы басылбай тургандыгы азыртадан эле белгилүү болуп турат. Ошондуктан бираз акчага кызыгып өлкөнүн уникалдуу жаратылышын, эң эле негизгиси улуттун саламаттыгын тобокелге салууга эч кимдин акысы жок экендиги айдан ачык маселе.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу