Кызыл Омполдогу уранга Акаев заманында уруксат берилген

Кыргызстанда тоо кен өндүрүшү тармагындагы мамлекеттик саясатты тактап алуу мезгили келди. Анткени, бийлике келе тургандардын жана бийликтегилердин дагы негизши урааны инвестиция тартуу. Аны менен Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, жумуш ордун түзүүнү максаты кылышат жана элге катуу убадаларды беришет. Бирок, азыр өлкөдө инвестициялык климаттын абалы такыр башка. Эң коркунучтуусу Кыргызстанга инвесторлордун такыр келбей калуу себептери пайда болду. Акыркы жылдары саясий оюндардын натыйжасында тоо кен тармагындагы бир нече инвесторлорду коркутуу, мүлктөрүн талкалоо, аларга карата жалган маалыматтарды таратуу, акырында провокациялык иш аракеттер менен коштолууда.
Кечээ эле Ысык Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол айылындагы уран кенине байланыштуу митингдерде саясий оюндар жүрүп кеткени байкалды. Уран кенине Роза Отунбаеванын тушунда лицензия берилгенин, экс-президент айымдын буга тийешеси бар экенин айтып чыгышкан. Бирок, мамлекеттик архивдеги документтерди көтөрүп чыкканыбызда Кызыл Омполдогу уранга 2004-жылы чалгындоого уруксат берилген. Бул кийин улам жаңыланып отурган. Мына ошондон улам 2010-жылдагы документтердин жаңылануусунан улам айрымдар уламышка айландырып 2004-жылдагы лицензия берүүнүн тарыхын унутуп калышкан.

Ысык Көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоо боюнча нормалар аткарылмак турсун одоно мыйзам бузуулар бар. Ысык Көлдүн биосфералык аймагында атайын эреже киргизилген. Мисалы, туристик деп эсептелген аймактарда кен казуу иштерине уруксат берилбеши керек. Бирок, учурда Ысык Көлдүн тегерегинен жүздөгөн лицензия чалгындоо, издөө, казуу иштерине берилип кеткен.

КР Өкмөтүнүн ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин эксперти Азамат Акенеев уран кени боюнча өз пикири менен бөлүштү. Уран окуясында бул тармактан такыр тиешеси жок адамдар дагы билдирүүлөрдү жасап, факт же далил эмес эмоциялар биринчи орунга чыгып кетти деп эсептейт.
-Уран кенине байланыштуу лицензия берүүдө мыйзам бузулган, ага тийешеси бар мамлекеттик кызматкерлер жазалансын деп талап кылып жатышат. Бул фейк маалымат. Кыргызстандын мыйзамдарында бир дагы жеринде уран кенине чалгындоо, издөө жана казуу иштерине лицензия берилбесин деп жазылган эмес. Уранга каршы чыккандар Ысык Көлдүн биосфералык аймагында кен иштетүүгө тыюу салынганын айтып жатышат. Так кесе айтып түшүндүрүшүбүз керек, Кызыл Омполдогу уран кени Ысык Көлдүн биосфералык аймагына кирбейт. Андан сырткары, Кыргызстан уран кенине тыюу салуу боюнча эч кандай эл аралык милдеттенмеге кол койгон эмес. Уранды дүйнөлүк лидерлике умтулган мамлекеттер өз аймактарынан иштетишет. Мисалы, АКШ, Германия, Россия, Австралия сыяктуу мамлекеттер уран иштетип пайдасын көрүшүүдө. Бирок, алар шумдуктуу бир аймака айланып же туристерден ажырап калган жок-деп кошумчалады Азамат Акенеев.
Ошентип саясий жана провокациялык максаттар менен уран кенинин зыяндуулугун текшербей туруп күч менен жаптыруу жолуна түштүк. Айрым эксперттер Өкмөттүн эмес көз карандысыз эл аралык эксперттердин Кызыл Омполдогу уран кенинин канчалык зыяндуу экендигин текшерүү сунуштарын билдирди. Бирок, каршылаш тараптар сөз угууга, компромистик сүйлөшүүгө даяр эмес экенин көрсөттү. Албетте, мамлекеттин тагдыры анын эокномикасына байланыштуу. Ал эми Кыргызстандын экономикасын көтөрүп келаткан жана келечекте көтөрүп кете турчу тоо кен тармагы. Намыстанбай ачыгын айтканда кендерибизди мамлекет дагы өзүбүздөн чыккан ишкерлер дагы иштетүүгө чамасы жете элек. Казынаны толтуруп, мугалим, врачтарды айлыксыз калтырбай келе жаткан инвесторлор экенин унутпашыбыз абзел.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу