Кызыктуу фактылар: биз эмнеге эстейбиз?

Эстөө адамдын ошол маалдагы толкуу сезимине байланыштуу. Толкундоо стресске айланып, мээнин жумушуна себепчи болот. Эстегенде мээнин жумушу жайлап, жакшы иштөөсүн камсыз кылган табигый кубулуш процесси болуп саналат.

Пайда болгон стресске каршы, мээни тыныктыруу үчүн адам өзүнө көбүрөөк аба жутуп, дем алат. Ошол себептен адам организмин сергитүү үчүн эстейт.

Байкаган болсоңуздар, адамдар маанилүү иштин алдында эстейт. Студенттер экзамен тапшырар алдында, сүрөтчүлөр эл алдына чыгаардан мурда жана башка ушул сыяктуу. Бул адамдын ошол иш-чарага даярдыгы десе болот. Физиологиялык жактан караганда, эстөө адамга пайдалуу. Эстеген кезде дем алуу жолдору кеңейип, артериалдуу басымды калыбына келтирет.

Эстөө жугуштуу мимикалык процесс болуп саналат. Изилдөөлөрдүн натыйжасында бул жугуштуу рефлекске учураганда башкалар тууралуу ойлогон, убайымчыл адамдар экени аныкталды. Ал эми балдар эненин курсагынан тарта эстей башташат экен.

БУЛАК:zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу