«Кыздыгым жок деп камерага айтпасаң, жылаңач көчөгө чыгарып коем» деп коркуткан күйөө сөрөй…

21 жаштагы Мастона ажырашканына бир жыл болгону менен, күйөөсүнүн үйүндөгү кордуктан улам дагы деле эсин жыя элек. Анын окуясы тууралуу Нур.кз жазып чыккан. Бальджувандык тургун Мастона Асо бир жыл мурун турмушка чыгып, күйөөсү менен болгону 2 күн жашаган. Жигит ага ата-энесинин тандоосу менен үйлөнгөн. Нике түндөн эртеси күнү күйөөсү болгон Султан Ходжаев Мастонаны көгала кылып сабап, кыйнап, “кыз эмес болчумун” дедиртип моюнга алдырткан.

Мастона бул түндү кыйынчылык менен эскерет: “Ал мага кандайдыр бир эркек ысымын айттыртып, биз бири-бирибизди сүйөбүз, никеге чейин аны менен интимдик катнашка барганбыз” деп айтканга мажбурлады. Анын муштумунан улам кулагым тунуп, мурдум канап чыкты. Эгерде бул сөздөрдү камерага айтып моюндабасам энеден туума жылаңачтап көчөгө коюп шермендеңди чыгарам деп коркутту. Ансыз да жаным ооруп араң турганда, мындай келекени көтөрө албайт болчумун.

Айласыздан турмушка чыкканда“кыздыгым” жок болчу деп камерага карап туруп моюндаганга туура келди.” Медициналык экспертиза Мастонанын кыз болгондугун далилдегени менен, айылдагы кошуналары дагы деле аны күнөөлөшүп, жаман көз менен карашууда. Учурда Мастона көп убактысын үйдө өткөрүп келет. Кыздардын ак жоолук оронуп, келин көйнөгүн кийгенин көргөндө айласыздан көзүнөн жаш кылгырат. “Ата-энем да эл көзүнө көрүнгүсү келбей калышкан,”- дейт ал. Атасы кызынын жана үй-бүлөсүнүн намысын кайтаруу үчүн болгон аракетин жасоодо.

Бирок, күйөө тарап өзү моюндаган деп таптакыр укпай коюшкан. Султан Ходжаевдин апасы Хайриниссо Эмомова мурда радиого берген интервьюсунда бала эч нерсе кылбаганын, баарын кыз өзү моюндаганын айткан. Жада калса биз кыздын бир жерине да тийбестен, тойдун эртеси күнү алып барып бергенбиз деген. Азыр Мастонанын жалгыз тилеги чындык орноп, “күйөө сөрөйүнүн” өзүнө тиешелүү жазасын алышы.

Кошумчалай кетсек, 2018-жыл үчүн, соттук медэкспертизага жарым жылда 22 күйөө келинчегинин “кыздыгы” жок болгондугун айтып даттанган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу