Кыздар эмнеге көп сүйлөшөт?

Мериленд медициналык колледжи кыздар менен жигиттердин сүйлөө манерасын, ылдамдыгын, өлчөмүн аныктоо үчүн атайы изилдөө жасашты. Ошентсе кыздар бир күндүн ичинде 20 миң сөз сүйлөшсө, ал эми эркектер күнүнө 7 миң сөз менен гана чектелет экен.

Окумуштуулар кыз балдардын ушунчалык көп сүйлөшүнүн бирден бир себеби алардын мээсиндеги “Foxp2” кызматынын жакшы өнүккөндүгүндө деген чечимге келип жатышат.

“Foxp2”, окумуштуулардын айтуусу боюнча, тилден протеин болуп чыгат (language protein). Кызыктуу жагы, дал ушундай чычкандарда да болот экен. Эмики кезекте адистер мээдеги бул заттын башка да кызматтарга канчалык таасир берерин аныкташмакчы.

Күнүнө эркектен үч эсе көп сүйлөгөн аялзаты «кимдир бирөө» тууралуу сүйлөгөн кезде добуштары жагымдуу чыгаары байкалган. Луан Бризендайндын “The Female Mind” аттуу эмгегинде аялдардын эркектерге караганда көп сүйлөшөөрүнүн дагы бир себебин түшүндүрүлөт. Ал — аялдын мээсинде сүйлөө кызматына жооп берген клеткалардын саны көбүрөөк деген болжом келтирет. Психолог ошону менен катар, аялдар сүйлөгөн кезде жагымдуу таасиринин күчтүүлүгү ошончолук, керек болсо аларды көп күттүргөн баңгизаттын дозасынын таасириндей болот деп салыштыра кеткен.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу