Кыздар алтынчы ирет көргөндө гана ашык болушат…

Кыздарда эч качан бир көрүп сүйүп калуу болбойт. Мындай пикирди британ окумуштуулары айтып жатышат. Мырзаларга деген сезим тутануу үчүн кыздар аз дегенде алты жолу көрүүлөрү керек экен.

Окумуштуулар жалгыз бой айымдарды байкап көрүшкөн. Белгилүү болгондой, назик жандуу кыздар мамилени курууда шашышпайт экен. Келечектеги жолдошун аныктоо үчүн кыздарга алгачкы таанышуу кезинде болжол менен 45 секунд убакыт кетет. Алгач алар мырзанын көзү менен бетине карашат. Андан кийин жигитти изилдей башташат экен.

Экинчи алардын көзгө түшөөр жери манжасы экен, нике шакегинин бар же жоктугун аныктоо үчүн. Андан кийин кийим-кечесине, бою менен өзүн алып жүрүсүүн, сүйлөгөн сөзүн баалашат.

Кыздар керек болсо бир көргөндө дене мүчөсү менен терисин, тырмагын да карап жетишишет экен. Ушундан кийин гана ал адам менен мамилени ары карай улантуу керекпи же жокпу чечишет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу