Кыздарга кайсы кесип ылайык?

Кесип тандай албай жүргөн кыздарга жардамчы болсун деген ниет менен аларга арналган адистин түрлөрүн тизмелеп көрсөк:

Котормочу. Бир нече тил билген кыздар кыйналбай ушул кесипти тандап кетсе болот.

Туризм менеджери. Жылдан-жылга чет жерге чыгып эс алган мекендештерибиздин саны көбөйүп келет. Байкасаңыз туризм тармагында көбүнчө жаштар иштешет. Эмгек жолун ушул тармакта баштап көрсөңуз да эң мыкты чечим болмокчу.

Стилист-косметолог, визажист, сулуулук салонунун кызматкери. Сүрөт тартууга шыгы бар, боёгонду жактырган, табити жогору кыздарга арналган адис.

Дизайнер. Бул кесип абадай керек болуп турган чак. Ар бир үйдүн ажарын ачкан дизайнерлер жогору бааланат.

“PR” менеджер. Алар товардын элдин арасына таралып кетүүсүнө жооп беришет.

Стюардесса. Бул кесипке жашы 35ке чейинки, кийим өлчөмү 46га чейинки, боюу 160-175 см болгон, англис тилин жакшы өздөштүргөн, сулуу кыздарды тандашат.

Тигүүчү.Алар акчаны жакшы табышат десе болот. Болгону жумушуңузга чыгармачылык эргүү менен караңыз.

Чач тарач. Алар үйдө отуруп эле коңшу-колоңдун чачын кесип, акча таба беришет.

Фотограф. Кесипкөй, таланттуу фотографтар ар дайым суроо-талапка ээ.

Банк кызматкери. Мансапты көздөсөңүз, банкка барыңыз.

Фитнес тренери. Кыздар өз сулуулугунан эч нерсе аяшпайт. Ошондуктан фитнес тренери ар дайым суроо-талапка ээ болуп келет.

Катчы. Компаниянын баардык документи катчынын колунан өтөт. Башкача айтканда, ал директордун оң колу.

Дарыгер. Дарыгерлер адамдын башкы байлыгы– ден-соолукка жооп бергендиктен, ар дайым жогоруу бааланат. Табышы да жетиштүү.

Бухгалтер. Бул кесипке математиканы жанындай сүйгөн кыздардын барганы оң. Башкысы – өз тармагыңызды сүйүңүз, ага бар болгон ынтызаарыңызды бериңиз. Ошол кезде жумуштан чарчабай, ашыкча убайымсыз жүрөсүз.

Ал эми сиз бул тизмени кайсы кесип менен толуктап кетет элеңиз?

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу