Куудул Назира Жетигенова дагы бир балалуу болду…

Куудул Назира Жетигенова кызы Азизаны турмуш жолуна узатты.  Бул тууралуу куудул айымдын жакын санаалаш достору куттук сөздөрүн айтып, социалдык баракчаларга жазышты. Кыз узатуу тоюна Назира Жетигенованын сахналаш достору, жакын санаалаштары Райхан Абдувалиева, Динара Акулова, Роза Шакирова, Фарида Карбосова, Камчы Сарыбаев жана башкалар келип, тойду шаңга бөлөштү. Тойдо куудулдун ырчы эжекеси Алина Жетигенова кызы Азель менен «Айым апам» чыгармасын аткарып, кызды эл алдына алып чыгышты. Андан соң Назира Жетигенованын кудагыйы келининин кулагына сөйкө салып, кулдук урду.

Куудул кызын турмушка узатканына ичи ачышып жатканын айтып: «Тогуз ай көтөрүп, чоңойтуп, бой жеткенден кийин башка бүлөгө берип коюу оңой эмес экен. Өзүм мындай тойдун канчасын алып бардым. Ошондо апалар ыйласа эмнеге ыйлап жатат деп таң калчумун. Көрсө бул сүйүнүчтүн ыйы экен», — деп билдирди.

Ошондой эле эки жаштын үлпөт тою октябрь айына белгиленгенин кошумчалады.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу