Куудул наамга татыктуу Абдылда

Куйкумдуу сатиралары менен чоңдордун, депутаттардын куйкасын куруштурган белгилүү куудул Абдылда Иманкуловго “КР эмгек сиңирген артисти”- деген наамдын берилиши коомчулукту кыйла дүрбөттү. Негизи буга чейин эле бул наамдын берилиши керек болчу. Раматылык “Шорпого” эч кандай наам берилбей дүйнө салып кеткени өкүнүчтүү болду. Кырдаал өзгөрүлгөн сайын куудулдар сыйлыктардан кур калышкан эмес. Алардын экөөнө ал тургай эл артист наамын берип кубандырышкан.

Ал эми Абдылдага келсек сөз мындай. Башкаларга окшоп ал бизнеске оогон жок кыйын жылдарда да. Ал эмес ошол катаал кезде ого бетер тиштенип чыгармачылыгын курчутуп келди. Балта-чоту дайыма жанында жүргөн куудулдун тили далайларды чакты, чымга айланта басты, алоолонтуп сатиранын отун жакты. Өзгөчөлүгү- сахнага алып чыккан сатиралары нак элдин турмушунан алынгандыгында. Кайсыл учурда клубга концерти коюлса да жыкжыйма болуп көрүүчүлөр отурат. Демек, элдин да, өзүнүн да талабы канааттандырылат. Эскирип кеткен сатираларды кайра-кайра койгондон качкандыгы үчүн аны журтчулук баалайт, жакшы көрөт. Шыктанган куудул мындан ары да курч кайчысы менен өөн көрүнгөн кемчиликти кыя кыркып жексен кылууга көмөк көрсөтөрүндө шек жок. Сыйлыгың кут болсун, элдик куудул Абдылда!

Булак:  «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу